Планетабыздын жаңы рекорддору

АКШ жана Англиянын өкүлдөрүн бириктирген Улуттук географтар ассоциациясы дүйнөлүк географиялык картаны камтыган жаңы сегизинчи атласты чыгарды. Жаңы атласта 15 миң сенсациялык оңдоо бар. Төмөндө бул тактоолордун эң негизгилери.
Эң узун дарыя
“Эң узун дарыя” деген наамга ар дайым Нил менен Амазонка ат салышып келет. Буга чейин 6695 чакырымдык Нил эң узун дарыя деп эсептелчү. Бирок, Амазонканын башынан бөлүнүп чыгып, кайра кошулган Пара суусунун узундугу 6750 чакырым деп эсептелген.
Эң бийик жанар тоо
Чили менен Аргентинанын чегинде жайгашкан Охос-Дель-Саладо жанар тоосу дүйнөдөгү эң бийик жанар тоо болуп эсептелет. Анын бийиктиги 6887 метр.
Эң бийик тоо
Жаңы географиялык тактоолордон кийин дүйнөдөгү эң бийик тоо Эверест (8848 метр) эмес, Гавайиде (АКШ) жайгашкан Мауна-Кеа тоосу экендиги билинди. Бул тоонун этеги Тынч океанынын түбүндө жатат. Океандын бетинен тоонун чокусуна чейинки бийиктик – 4205 метр. Ал эми суу астында тоонун дагы 6000 метрлик бөлүгү жатат. Жалпысынан эсептегенде, Мауна-Кеа Эвересттен 1357 метрге бийик.
Муз астындагы эң чоң көл
1994-жылы ачылган Антарктика муздарынын алдында жаткан Чыгыш көлү дүйнөдөгү эң байыркы жана эң чоң көл болуп эсептелет. Анын аянты 14 миң чарчы чакырым жана ал 4 чакырымдык калың муздун астында. Башка дүйнөдөн муз менен бөлүнүп тургандыгы үчүн Чыгыш көлү эң таза көл болуп да саналат.
Абанын эң төмөн жана эң бийик деңгээли
Мындан 25 жыл мурун 1983-жылдын 21-июлунда Антарктикадагы советтик “Чыгыш” станциясында аба ырайынын эң төмөн деңгээли,тактап айтканда, -89,2 градус катталган. Ал эми 1992-жылы сентябрда Ливиянын Эль-Азизия шаарында абанын температурасы +58 градуска жеткен.
Эң катуу шамал
1994-жылдын апрель айында Вашингтон тоосунда (Нью-Гэмпшир штаты, АКШ) ылдамдыгы саатына 371 чакырымга барабар шамал болгон. Салыштыруу үчүн: 2002-жылы ишке киргизилген кытайлык киши ташуучу поезддердин ылдамдыгы саатына 350 чакырым.
Эң кургак аймак
Чилинин түштүгүндөгү Атакама чөлүндө акыркы 82 жылдан бери бир тамчы жаан жаай элек. Бул жерде жаан-чачын 100 жылда 1-2 жолу гана болот.
Чагылган көп болгон жер
Уганданын Торроро шаарчасында жыл ичиндеги 365 күндүн 251 күнүндө ар бир 12-15 мүнөт сайын чагылган чартылдап турат. Аталган шаарчанын тургуну багбан Рой Салливан 7 жолу чагылганга кабылган. Бир нече жаракат алса да, азыр анын дени сак.
Эң калың кар
1991-жылы март айында АКШнын Калифорния штатындагы Тамарак шаарчасында бийиктиги 11 метр 46 сантиметрге жеткен кар жааган.

Башка өзгөрүүлөр

  • Буга чейин Чад көлү чоңдугу боюнча Африкада төртүнчү орунду ээлечү. Бүгүнкү күндө ал Африкадагы эң кичинекей көл болуп эсептелет. Себеби, ал акыркы 30 жыл ичинде тартылып, 95 пайызга кичирейген.
  • Жаңы атлас картасында Кытайда орун алган 1975-жылдан бери кичирейип отурган Лопнор көлү такыр эле көрсөтүлбөйт. Эми ал кургап калган көлдөрдүн катарына кирет.
  • Өлүү жана Арал деңиздеринин кургап баратканына байланыштуу картада Иордания менен Израилдин, Өзбекстан менен Казакстандын аймактары да кеңейүүдө.
  • Ошондой эле, кичирейип бараткан аймактар да бар. Мисалы, Англия жыл сайын 25 метрге кичирейип отурат. Муздардын талкаланышынан жана эришинен улам Антарктика менен Арктиканын да аймагы азаюуда.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 303, 22-28-август, 2008
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан