АПТА ХРОНИКАСЫ

102 билдирет

КАДЫРБЕКОВДУН ТАПАНЧАСЫ ТАБЫЛАБЫ?
Мамлекеттик курулуштун мурунку жетекчиси Ишенбай Кадырбековдун үйүнөн 10 огу менен тапанчасын, алтын буюмдарын жана 200 миң евро акчасын уурдагандар кармалышты. Кылмышкерлер 2010-жылдын 7-октябрында И.Кадырбековдун үйүнө экинчи кабаттагы балкон аркылуу кирип сейфти ачып, тапанча, акча, буюмдарын уурдап кетишкен.
Бишкек шаардык кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери бул кылмышка шектүү деп 21-22 жаштардагы 4 жаранды кармашты. Кармалгандар мындан башка да үй уурулугу боюнча 5 кылмышка тийиштиги бар экендигин моюндарына алышты.

КУРАЛ-ЖАРАК КӨӨМП КОЙГОН
25-апрелде Ысык-Көл РИИБинин кызматкерлери Чолпон-Ата шаарына жакын Арал капчыгайынын чыгыш тарабынан ташка көөмп койгон целлофан ором табышкан. Анын ичинде АКС-74 автоматы бош магазини менен, Ф-1 гранатасы жана көптөгөн ок болгон. Мындан сырткары жүздү жашыруучу 2 беткап, жип жана скотчтор табылган.
Текшерүү учурунда бул автомат Тажикстандагы аскер бөлүктөрдүн биринен 1993-жылы 13-июлда уурдалганы аныкталган. Азыркы тапта аталган куралдын кылмыштарга катыштыгы бар-жогу изилденүүдө.

МЕКЕНДЕШИБИЗДИН МИЛЛИОНДОРУН ТОНОП КЕТИШТИ
Москва шаарына жакын жердеги Домодедово кан жолунан МАИ кызматкерлеринин формасын кийген кылмышкерлер Кыргызстандын жараны айдап келаткан Тойота автоунаасын жана аны коштогон менчик коргоо агенттигинин эки кызматкери отурган кичиавтобусту токтотушкан.
Автоунаалар токтоор замат аларга кичиавтобус жакындап келип, ичинен беткапчан белгисиз 8 адам автомат менен коркутуп, эркектерди сабап, алып келаткан акчаны алып, из жашырып кетишкен. Алардын артынан кууганга аракет кылган учурда кылмышкерлер Тойота автоунаасынын дөңгөлөгүнө ок атышкан.
Кийинчерээк окуя болгон жерден алыс эмес жайгашкан мүрзөдөн өрттөлгөн кичиавтобус жана күйгөн автомат табылган. Тонолгон акча (4,7 миллион доллар жана 12,3 миллион рубль) кыргызстандык жаранга тиешелүү болгон.

101 билдирет

ЖАЙЫТ ӨРТТӨНДҮ
21-апрель күнү болжол менен саат үчтөр чамасында Суусамыр өрөөнүндө 100 гектар жайыт күйүп кеткен. Маалыматтар боюнча, кырсык тоо этектериндеги эски чөп аянттарын өрттөөдөн чыккан. Өрттөн жабыр тарткандар болгон жок.

ЫСЫК-КӨЛДӨ 15 ГЕКТАР КАРАГАЙ КҮЙҮП КЕТТИ
24-апрелде саат 11:55те Түп районундагы Талды-Суу айылына караштуу тоо этегинде өрт кырсыгы катталган. Өрттүн кесепетинен жалпы аянты 15 гектарга тигилген тянь-шань карагайлары жана куураган чөптөр күйгөн. Тилсиз жоону өчүрүү үчүн райондук жарандык коргонуу комиссиясынан 85 киши жана жергиликтүү тургундардан 28 киши тартылган. Саат 19:15те өрт толугу менен өчүрүлүп, анын келип чыгуу себеби жана келтирилген чыгымдар такталууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 443, 29-апрель - 5-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан