Жакында америкалык актриса Линдсей Лоханга Лос-Анжелес соту “2011-жылдын январь айында дүкөндөн баасы 2,5 миң долларлык асем буюм уурдаган” деген айып такты. Жадакалса 120 күнгө эркинен ажыратып, 480 саат кара жумушка буюрду. Бир нече сааттан кийин 75 миң долларды күрөөгө койгон актриса эркиндикке чыкты. “Уурдаган эмесмин” деп танган Лохандын соту 11-майга жылдырылды.