Голливуд актрисасы Кэтрин Зета-Жонс катуу депрессиядан улам Коннектикут штатындагы психикалык клиникага түштү. Анын мындай абалга туштугушуна күйөөсү – актёр Майкл Дугластын тамагынын рак оорусу себеп экен. Эске салсак, Кэтрин мурда бул клиникадан аракечтиктен жана баңгизатынан арылуу үчүн дарыланып чыккан. Учурда актрисанын абалы жакшы.