Коркунучтуу-у-у тасмалар жөнүндө

“Тасма көрүп жаткан учурда жаңгак жеп жаткан арабдар колун тиштеп алып, тамеки чеккен испандар түтүнгө чакап, жанындагы айымга тийишип отурган шведдер анын этегинин астына кире качса, анда тарткан тасмаңыз жетишинче коркунучтуу деп эсептесеңиз болот”.
Альфред Хичкок, коркунучтуу тасмалардын эң мыкты жаратуучусу
Тарыхтан бир үзүм
1986-жылы экранга “Поезддин келиши” деп аталган кыска метраждуу тасма чыккан. Поезддин чоң экрандан катуу келатканын көргөн адамдар залдан качып чыгышкан эле. Эгерде көрүүчүнү чочутуп жиберүү мүмкүн болсо, анда “коркутууга да болот” деген ой менен коркунучтуу фильмдер жарык көрө баштаган.
«Эң алгачкы “ужас” фильм» деп “Големди” атаса болот. Аны 1915-жылы германиялык режиссёр Пауль Вегенер тарткан. Бул тасма чоподон жасалган күчтүү, бирок, акыл-эссиз Голем деген адам жөнүндө болчу.
1920-жылы популярдуу “Доктор Калигаринин иш бөлмөсү” аттуу триллер жарык көргөн. Ал эми 2 жылдан кийин кан ичкичтер жөнүндө «Носферату» тасмасы чыккан.
1930-жылдардан тартып тасмалар адабий чыгармаларга негизделип тартыла баштаган. Мисал катары 1931-жылы экран бетине чыккан “Франкенштейн» менен “Дракуланы” айтса болот.
1990-жылдары көрүүчүлөрдү коркутуу мүмкүн болбой калды. Тирүү өлүктөр менен кан ичкичтер, арбактар менен киши жегичтер жадакалса өспүрүмдөр үчүн да жөнөкөй нерсеге айланган. Хоррор, триллер жанрындагы тасмаларга болгон суроо-талаптын деңгээли төмөндөй баштады. Ошондо режиссёр Уэс Крейвен “Чаңырык” тасмасын тартуулады. Бул мезгилди (1996-жыл) “коркунучтуу тасманын кайра жаралуусу” деп аныктаса болот. “Чаңырыктан” соң “Ван Хельсинг”, “Готика”, “Коңгуроо”, “Араа”, “Көз”, “Койлор” сыяктуу тасмалар удаа-удаа чыкты.
Кинотехниканын өнүгүшү менен бирге коркунучтуу фильмдердин сапаты да жогорулап барат. Атайын эффектилердин жардамы менен тартылган “Кинг-Конг”, “Жума, 13”, “Мумия”, “33 балээ” тасмалары заманбап көрүүчүнүн табитине жарашты.
Саспенс – коркунуч жаратуудагы негизги курал
Франциялык режиссёр Франсуа Трюффонун аныктамасы боюнча, саспенс (англис тилинде “suspense” – тынчсыздануу, күтүү) бул – сабырсызданып күтүүнүн күч алышы. Саспенс бул – кино көрүп отурган көрүүчүнүн фильмдеги каармандар үчүн тынчсыздануусу, коркуусу, аларга болушуп, сарсанаа болуусу. Тасма убагында каарман үчүн кооптуу учур жаралганда “эмне жалдырайсың! Артыңды кара!” деп ордуңуздан тура калып кыйкырсаңыз, демек, тасмадагы саспенс ишке ашкан болот.
Коркунучтуу тасманын формуласы
Беркли (Англия) жана Флорида (Америка) университеттеринин психологдору коркунуч, тынчсыздануу жараткан кинолордун математикалык формуласын түзүүнү көздөшкөн.

Жыйынтыкта төмөндөгүдөй татаал эсеп чыккан: (es + u + cs + t)^2 + s + (tl + f)/2 + (a + dr + fs)/n + sinx – 1=идеалдуу коркунучтуу тасма. Мында:

es – музыканын таасири

u – белгисиздик, түшүнбөстүк

cs – ээрчимей, куумай

t – капканга түшүү

s – шок

tl – чындык

f – фантазия

a – жалгыздык

dr – караңгылык

fs – окуя болуп жаткан жер

n – актёрлордун саны

sin x – кандын көптүгү

1 – стереотиптердин колдонулушу

Тасмада музыка жана окуяны аягына чейин түшүнбөө чоң роль ойнойт. Андыктан, формулада булар квадрат алдына алынган. Ал эми чындык менен фантазияны аралаштыруу чектен ашып кетпеши үчүн алардын суммасы экиге бөлүнгөн. Так ушул формула менен эсептелген тасмалардын ичинен Стэнли Кубриктин “Жарык” тасмасы идеалдуу болуп чыккан. Кызыгы, тасманын аталышы анын мазмунуна да, популярдуулугуна да эч таасирин тийгизбейт. Андыктан, анын орду формулада жок.
Эң “коркунучтуу” кино жанрлары
Триллер (англисче “thrill” – калтыроо). Бул жанрда тартылган тасма окуянын сырын эң акыркы кадрларга чейин сактайт. Башкача айтканда, окуя тасманын акырында гана толук түшүндүрүлөт. Андыктан, триллерди көрүп баштаган соң сөзсүз акырына чейин көргөн жакшы.
Хоррор (англисче “horror” – коркунуч). Мындай тасмаларда саспенс эффектиси колдонулат. Көрүүчү чындык менен жалгандын ортосундагы чекти аныктай албай, каарман менен кошо “жашайт”.
Мистика (грекче “mustika” – сырдуулук). Булар – мазмунунда адам баласы үчүн ар дайым табышмак бойдон келаткан табигый сырларды камтыган тасмалар.
Жиалло – расмий эмес жанр. Бул жанр менен тартылган тасмаларда детектив аралашкан окуялар сүрөттөлөт. Башка детективдерден айырмасы – кандын көптүгү.
Кантип жаралат?
Тасма жетишинче коркунуч жарата тургандай болуусу үчүн анын каармандарынын келбети чоң роль ойнойт. Үрөй учуруучу жана эсте калаарлык образ жаратуу – кылдаттыкты жана убакытты талап кылган иштердин бири. Бир адамдын бетиндеги гримди тартууга 5-6 саат кетсе, атайын формаларды тиктирүүгө 2 айдан ашык мезгил сарпталышы мүмкүн. Төмөнкү сүрөттөрдө мыкты гримдин жаралуусу кадамдап көрсөтүлгөн.

Бетти даярдаган
Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 303, 22-28-август, 2008
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан