Бир бүркүм... АСЕЛ МЕНЕН БЕК СҮЙҮҮСҮН ДАҢАЗАЛАШАТ...
Ырчы Асел Турдалиева студенттер менен “Биз таланттарды издейбиз” деген долбоор уюштуруп, Чүй облусун кыдырат. Мындан сырткары ырчы айым Бек Борбиев экөө «Биздин сүйүү» деген ырына клип тарттырууну пландап жатышат.
Элмара Турсуналиева ди-джейлерди жана алпаруучуларды даярдоо борборун ачты. Бул борбор май айынан тарта иштей баштайт.
Ырчы Элиза Орозова Ак-Босого конушуна дүкөн жана чачтарачкана салдырам дейт.
Токтобек Асаналиев 6-июнда боло турган концертине жаңы ырларды жаздырып, жаңы формаларды тиктирип, кызуу даярданууда.
“Миң кыял FM” радиосунун ди-джейи Акыл Жеңишбек уулу Ниссан Сефиро үлгүсүндөгү тулпарлуу болду.
Москвада окуп жүргөн ырчы Зари 27-апрелде курбуларынын коштоосунда туулган күнүн белгиледи. “Буюрса, 23 жашымды Кыргызстандан тосом”,- дейт мекенин сагынган ырчы.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.