Ырчы Кенже Дүйшеева алты айдан бери эч кимге көрсөтпөй “багып” келе жаткан балдарын ачыкка чыгарды. Кайсы балдары деп чочуп кеттиңизби? Көрсө, эмгекти сүйгөн ырчы кызыбыз мындан 6 ай мурун эле беш жигитти чекесине чертип тандап алып, “Жебе” деген топ түзгөнгө жетишкен экен. “Топтогу жигиттердин баарынын музыкалык билимдери бар. Көздөгөн максаттарына жетсин деген тилекте “Жебе” деп атадым. “Кечинде келемин сага” аттуу алгачкы ырыбызды жаздырууга жетиштик”,- деп кабарларды. Топтун бул чыгармасын Медиа-порталдан угуңуз.