Куудулдар бири-бирин сындашат

“Ар кимде бар ар кыял, ал кыялды ким тыяр” демекчи, ар бир адамдын эч кимге окшобогон кыял-жоругу бар. Бирок, ар бирибиз эле өзүбүзгө сырттан карап баа берип, оң-терс жактарыбызды көрө албайбыз. Биз бүгүн жогоруда айтылган сөзгө таянып куудул катары элге таанылып калган айымдар менен мырзаларга байланышка чыгып, азил-чыны аралаш бири-бирине достук сын айттырдык. Балким, бир куудул өзүнүн жаман адаты бар экенин байкабай жүргөндүр. Досунун көзгө сайып көрсөткөн тамаша-чыны аралаш сынынан улам терс адатын ооздуктап алаар.
Алгач эркектерден кем калышпаган кыргыздын куудул кыздары Айнура Тургумбаева (Сакиш) менен Назира Жетигенованы сөзгө тарттык.
Айнура Тургумбаева:

– Мен Назиранын жаман жагын деле көрө элекмин. Балким, гастролго чогуу барбагандыктан көрбөй жүргөн чыгаармын. Жолукканда дайыма экөөбүздүн саламыбыз түз. Өң-келбети Кудайга шүгүр. Экөөбүз тең эле той-ашка барчудайбыз. Назира жапжаш кыз да. Жаш болгондон кийин арык эле болгону жакшы эмеспи. Мурда арык эле болчу. Бирок, кийинчерээк толуп кетти окшойт. Ушул жери жакпай калды. Анан толук болуп туруп кыска кийип алганы жаман көрүнөт экен. Муну өзүнө жолукканда да айтайын деп жүрөм. Анан дагы бир жаман жери – өзү айтмакчы, уйкучулугу, жалкоолугу. Ушулар эле артка тартпаса, Назира таланттуу, тарсылдап тың жүргөн кыздардан.
Назира Жетигенова:
– Айнура эжени Сакиш десек эл жакшы тааныйт го, ошондуктан, Сакиш эже деп айта берейин. Сакиш эже – Кыргызстандагы 1-куудул кыз. Турмушка чыга элек болгондон кийин азыр деле кыз эмеспи. Мындан 5-6 жыл мурун атайын Сакиш эжени издеп барып оозума түкүрткөн элем. Ошондо эже оозума түкүрмөк түгүл какырган. Ошондон кийин мен да кичине куудулданып жүрөм. Сакиш эже мага салыштырмалуу бардык жагынан менден кыйын, мен ага эч качан жете албайм. Мага анын баскан-турганы, мүнөзү, таланты, кыскасы, баары жагат. Мындай адам экинчи төрөлбөсө керек. Бирок, мага эженин кийингени жакпайт, “вкусу” жок да. Бойдок болгондон кийин бою-башын каранып, жарашыктуу кийингенге мүмкүнчүлүгү бар болушу керек эле, менимче. Анын үстүнө, элдик адамдар дайыма элдин көз алдында. Ошон үчүн көркөмдүү кийиниш шарт деп ойлойм.
Аял-күйөө куудулдар Жаңыл менен Токтор Бекбоевдер эч нерсе жашырышпай, бири-бирин гезит аркылуу сындашты.
Токтор Бекбоев:
– Жаңыл жаш кезинде арык, куурчактай сулуу кыз эле. Ошол үчүн үйлөнгөм деп койбоймунбу. Азыркыдай семиз болсо, карамак эмесмин. Кийин эле жакшы багып ийдим окшойт, томпоюп толуп кетти. Жаңылдын жакшы сапаты – улуу-кичүүбү, чоң кызматта иштейби, карапайым адамбы, айтор, баары менен тил табышып сүйлөшүп кете бергендиги. Жаман жагы, анда аял катары тартынуу, назиктик сыяктуу сапаттар жок. Жини бат келип, эмне көрсө, билсе «тарс» эттирип айтып салып, отуруп калат. Мындай кыялы менен мени да башкарганга чейин барат. Элге мени Жаңыл башкаргандай сезилет. Бирок, үйбүлөнү мен эле башкарам. Мага абдан жаккан сапаты, бир жакка чыгаарда башка аялдардай болуп 2-3 саат таранып, көзү-кашын боёп отурбайт. «Кеттик» дегенде чачын чала-була тарап эле жөнөп калат. Тамакты укмуш деле жасабайт. Болгону, картошканы жакшы кууруйт.
Жаңыл Бекбоева:
– Күйөөм­дүн меникине караганда жакшы сапаттары көп. Кээде «мен эркек болуп, Токтор аял болуп калса болмок» деп ойлоп калам. Ал ак көңүл, колунда жок болуп турса да бардай ток пейил. Үйбүлөсүнө жакшы карайт. Анын мага жакпаган жагы оюндагысын сыртка чыгара албагандыгы. Мага караганда абдан жакшы идеяларга бай, бирок, ошону «жасай албай калам го» дейби, айтор, сыртка чыгарбай жүрө берет. Башкача айтканда, чечкинсиз. Эркек болгондон кийин чечкиндүүрөөк болгону жакшы эмеспи. Мага абдан жаккан жери – анын эмне тамак берсең да ылгабай иче бергени. Карандай суу бересиңби, тузу жок манты бересиңби, күйүк даамданган сүт кесме бересиңби, кың дебестен иче берет. Анан үтүктөлбөгөн кийим берсең деле “бул бырыш го” деп сурап да койбой, кийип кетет. «Жаңылдын күйөөсүнүн кийимин кара, өмүрү үтүктөлбөйт» деп эл кеп кылабы?» деп эле корком. Антпесе, Токтордун кийимин такыр үтүктөбөйт элем.
Кубан Алимов: «Мен куудулдар арасынан Абдылда Иманкуловду жакындан тааныйм. Ошол жөнүндө айтып берем», - деп чамынды.
Кубан Алимов:
– Мен Абдылда байкени жакшы тааный элегимде “керсейген неме го” деп ойлочумун. Көрсө, жакшы эле адам экен. Бирок, акча дегенде танкадай эле эч нерсеге карабайт. Мага анын ушул сапаты жакпайт. Абдылда байкени “Акинай” деп эркелетебиз. Акинай байкенин өң-келбетине токтоло турган болсом, эми ал кишинин мончодон чыккандагы, анан концерттен кийинки сулуулугунда сөз жок. Ушул эки учурда ашыкча сулуу адамга айланып кетет. Билим деңгээли болсо өтө жогору. Бул кишинин көлөмү чоң болгону менен тамакты өтө аз жейт. Бир эле порцияга тоюп калат. Камыр, эт аралашкан тамакты алдына койсоң, алеки заматта аймап коймою бар. Ии, баса, ал кишинин эң жаман жери, коңурукту жөн да тартпайт, өткөн-кеткенди айтып сүйлөнүп тартат.
Кубандын өзү жөнүндө Абдылда Иманкулов кандай ойдо экенин да билдик.
Абдылда Иманкулов:
– Кубан чындыгында эле таланттуу жигит. Аны менен жүргөн киши эч качан эрикпейт. Абдан аракетчил, ошол эле учурда жалкоолугу да бар. Дагы бир жаман жери, кичине арак ичсе эле учуп-күйүп калат. Ал эми жакшы жери, мисалы, менин концертиме аз киши келсе, башка күнгө жылдырып да жиберишим мүмкүн. Ал эми Кубанга беш киши келсе деле баарыбир. Күлүп-жайнап даярдаган номерлерин көрсөтө берет. Бул жигит аялы менен, билишимче, ынтымактуу жашайт. Аялынын көзүнчө унчукпаганы менен мындай чыкканда сагынганданбы, “аялым эле, аялым” деп какшай берет. Кубандын өң-келбети тууралуу эч нерсе айта албайм. Анткени, менин кебетем аныкынан жаман болушу мүмкүн. Дагы бир нерсе, гастролдорго чыкканда мага айтпай “мени Абдылда байке менен бир бөлмөгө жаткырбагыла” деп администраторго ыйлактайт экен. Мен аны “ары-бери жумшаганга жеңил” деп жаныма алып жатканга аракет кылчу элем да.
Куудулдар Күмөндөр Абылов менен Жаныбек Алыкулов чыныгы достордон экенин байкадык. Анткени, экөө тең бири-биринин жаман жактарын такыр көрбөгөндөрүн гана айтып туруп алышты. Балким, чын эле эки куудулдун тең мыкты сапаттары көбүрөөктүр.
Жаныбек Алыкулов:
– Мен Күмөндөрдүн мыкты куудул экенин гана айта алам. Жаман сапаттарын деле көрө элекмин. Ушул тууралуу ыр чыгарып койдум эле, ошону окуп берейин.

Элүүгө келген Күмөндөр,
Эсепсиз сага күлгөндөр.
Эми келди кезегиң,
Эртеден кечке күүлөнөөр.
Куттуктайбыз 50жашың, Күмөндөр,
“Куудулмун” деп жүргөндөр.
Кубанышат сени менен,
Кошулуп кулак түргөндөр.
Күмөндөр Абылов:
– Жаныбекти кыргыздын чыныгы жигиттеринин бири деп билем. Ал айткан сөзүнө турган, адамгерчиликтүү, ак көңүл, ичинде кири жок таза адам. Токтогул жергесинен Бекназар деген куудул-пародист чыккан. Бекназар жан-жаныбардын үнүн келиштире туураган адам болгон экен. Ошол инсандын жолун жолдоочулардын атаманы – Жаныбек Алыкулов. Бир гана кемчилиги, анын арактан сеп этип койгону, бирок, андай жорук менде да бар. Бул Жаке экөөбүздүн күнөөбүз эмес, бизди шыкаган элдин күнөөсү да. Жаныбектин бир жакшы жагын, анан жаман жагын айта кетейин. Жакшы жагы, башка куудулдардан айырмаланып, орус тилин грам-мотно сүйлөйт. Кесиби боюнча орус тил мугалими да. Жаман жагы, ушул жетишкендигин пайдаланбай, жалкоолук кылат. Чынында, Жаныбек – орусча пародия жазып алып, Орусияны багынта турган эле талант.
Куудулдар Рахман Разыков менен Борончу Кудайбергенов бири-бирине кандай достук сын айтышкандарына өзүңүздөр күбө болуңуздар.
Рахман Разыков:
– Кичинекей кишилердин саясатка аралашканы эң эле туура эмес. Гитлер саясатка аралашып эмне жакшылык алып келди?.. Борончу өзүнүн кичинекейлигин билип туруп эле саясатка аралаша берет десең. Кичинекей адамдар өтө жеңил болушуп, олуттуу маселе жаралса эле тополоң кылып жиберишет. Негизи, кенедей немелерди аскерге жакын жолотпош керек. Моджахеддер Бокедей аскерлерди сүрөттөн көрүшсө, “кенедей немелер турбайбы” деп келе беришет. Борончунун мага мүнөзү “вообще” жакпайт. “Арак ичели же сейилдеп келели” десең, дайыма “намаз окуп алайын” деп маанайыңды бузат. Анан кайда жүрбөсүн “кычырап таптаза” жүргөнү жакпайт. Бир сыйра кийимин кырларын келиштирип үтүктөп кийип жүрсө, экинчисин дал ошондой үтүктөп, машинасына илип алат экен. Эркек болгондон кийин кичине балтаң-шалтаң болуш керек да, ботом! Баса, Борончунун “Айыл өкмөтү” киносунда уктап жатканын көргөзөт го, такыр жакпайт да. Ооруп жаткан крокодилдей эле уктайт. Ошентип киши кантип уктасын?!
Борончу Кудайбергенов:
– Рахман байке менен көп жылдардан бери жакшы таанышмын. Анын пейили көлөмүнө жараша кенен. Талант жагынан күчтүү сатирик деп билем. Жардам сурагандардын баарына жардам берет, колу ачык. Кимге болбосун сатира жазып берүүдөн тажабайт. Айрымдар “өзүм эле ойноюн” деп сатирасын кызганат эмеспи. Бул кишиде андай сапат такыр жок. Менин оюмча, Рахман байкенин чоңдугу өзүнө жакпаса керек. Анткени, анын “диетадамын” деген сөзүн көп угам. “Диетадамын” дегенде эле бир чара салат жейт, эмне болгон диета экенин түшүнбөй койдум. “Диета кармабаганда канча чара жейт болду экен?” деп ойлоно берем. Кафе, ресторанда отурганда колу жеткен жердин баарын тазалайт, колу жетпей калып эле отуруп калбаса. Мас болгондогусун айтайынчы, колуңду бир кармаса, соолукканча коё бербейт. Бошоноюн десең, ого бетер карышып кармап алат дейсиң. Бул кылыгын билип калгам да, ошондуктан, азыр мас болуп калганда үстөлдүн бурчун же бак карматып коюп качып кетем.
“Орок-Балка” тобунун куудулу Айылчы Орозалиев менен да баарлаштык. Бул жигит: “Куудул, ырчы Санжардын жүрүм-турумун айтам, мен аны жакындан тааныйм”,- деп калды.
Айылчы Орозалиев:
– Санчону жакындан тааныбаган адам сыртынан көргөндө «абдан кыйынсынган бала» деп ойлойт. Чынында, ошондой жагы бар. Эгер чөнтөгүндө акчасы бар болсо, тилин тапкан кишисинен эч аябайт. Жаман көргөн адамына калпты өкүртө айтат. Тамакты ушундай бир табит менен жейт десеңиз. Тамак жегиси келбей турган адам анын тамак ичип атканын көргөндө дароо эки порция жебесе, мага келиңиз. Азыр Санжар намаз окуп жатат, бирок, беш жыл окумайын ишенбейм. Санчонун баарынан жаман жери – мас болуп калганда көңүлүнө туура келбеген сөз айткан адам менен мушташканы. Ал баарынан “куудулсуң го, бир күлдүрүп койбойсуңбу” деген сөздү жаман көрөт. Мас кезинде ушул сөздү укса, дароо айткан киши менен мушташып кетет. Ал эми ушул эле сөздү соо кезинде укса, өллө күлүп туруп, “мен анча деле куудул эмесмин” деп кутулуп кетмей жагы бар.
Санжар Бердибеков менен байланышканыбызда ал да Айылчы тууралуу бир топ сөз айтты.
Санжар Бердибеков:

– Айыл­чы – менин эң жакын досторумдун бири. Ал экөөбүздүн үйбүлөлөрүбүз да барып-келип катташып турушат. Көп күн көрүшпөй кетсек, мен аны эстей электе эле атамдай болуп томпоюп “эмне көрүнбөй кеттиң, аман-эсенсиңби?” деп келип калат. Негизи, бул жигит токтоо, ак көңүл, жылдыздуу, өң-келбеттүү, анан аял жандуу бала. Эртең мененкиби, түшкүбү, айтор, тамакты ой-да жейт. Эртең мененки тамакты жеп атып аялынан “түшкүгө эмне тамак жасайсың?” деп жанталашып сураганда күйөсүң да. Унута электе айтып калайынчы, ал өзү билимдүү, институтту бүткөн бала. Анан өзүнүн азан чакырган Тажыбай аты эмне болуп Айылчы болуп калды, түшүнбөй калдым.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
maradona
2010-08-21 15:33:29
эх куудулдар Жамбылды кантип унутуп калдынар же сотко берип коёт деп корктунарбы?
0
maradona
2010-08-21 15:33:29
эх куудулдар Жамбылды кантип унутуп калдынар же сотко берип коёт деп корктунарбы?
0
№ 303, 22-28-август, 2008
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан