КРнын Эмгек сиңирген артисти Бермет Байкелова 21-апрель күнү филармонияда концерт берди. Эч кандай фонограммасыз ырдалган концерт деп мына ушуну айт!
Балким, Бермет Байкелова деген ысым эстрада жаатында белгисиздир, бирок Жумамүдүн Шералиев, Мукаш Абдраевдин ырларын дал ушул ырчы 25 жылдан бери аткарып келет. “Кол чаппайт кыргыздар” деп капа болушат кээ бир артисттер. Жок, чабат, бирок качан гана ыр жүрөккө жеткенде...