Ырчы Бегимай Бекбоева жакында эле курбусунун чакыруусу менен Астанадагы бир тойго конок болуп келген. Тойдо отурган Фархат аттуу казак жигит Бегимайдын телефон номерин сурап калыптыр. Бир жума өтпөй ал мырза борборго келип, ырчыга жолугушууну сунуш кылса, Бегимай дароо эле үйүнө чакырып салган. “Кененирээк таанышкан соң кетирип жибердим, эки күндүн биринде гүл көтөрүп келчү болду” дейт Бегимай. Ал гана эмес, колун сурап, “30-майда мекениме кетем, ага чейин жообуңду бер” деген талабын коюптур.