Нооруз майрамын кытайлык туугандар менен тосуу максатында барган куудул Рахман Разыков Үрүмчү шаарынан кайтып келди. Ал жакта бир айдай жүргөн агайыбыз кытайлык сегиз кыргыз куудул жигит менен “Жаңырсын жаштык ырлары” деген аталышта концерт берип, андан сырткары тамадаларды даярдап чыгуучу мектеп ачуу үчүн бир компания менен келишим түзүүгө үлгүрүптүр. Ачыгын айтканда, бир ок менен эки коёнду атууга жетишиптир. “Кытайда тамада деген түшүнүк жок экен. Буюрса, таланттуу балдарды чогултуп, бул жаатта атайын мектеп ачам”,- дейт куудул.