Бир бүркүм... ДЕПУТАТТЫН ҮЙҮНДӨ ЖАРДЫРУУ БОЛДУ...

  • 27-апрель түнү «Ата Журт» фракциясынын депутаты Марат Султановдун үйүнүн короосуна белгисиз бирөөлөр граната ыргытып жиберишкен. Бактыга жараша, жардыруудан жабыркагандар болгон жок. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
  • Бишкек шаарында 3,5 гектар аянтка курууга пландаштырылган борбордук мечитке жалпысынан 8 миллион доллар сарпталат. Бул сумманын 70 пайызын Түркия мамлекети, ал эми 30 пайызын кувейттик ишкерлер каржылашат.
  • Кочкор районунун аймагынан VIII-XI кылымдарга таандык шаардын урандысы табылды.
  • «Кыргызстанда баңгизаты менен мыйзамсыз иштеген 70тен ашуун топ бар»,- дейт Баңгизаттарын көзөмөлдөөчү мамлекеттик кызматтын төрагасы Виталий Орозалиев.
  • Чет өлкөлүк фильмдер менен телеберүүлөрдү кыргызчага которуу үчүн 50 миллион сом бөлүнөт.
  • Акыркы эки жыл ичинде Кыргызстанда 14 жогорку окуу жайы жабылган.
  • Бишкекте Орусиянын илим жана маданият борбору ачылат.
  • Автоунаа ээлери транспорттук салыктарды ушул жылдын 1-майына чейин төгүүлөрү керек.
  • Таластык дыйкандар 49 миллион сомдук жеңилдетилген насыялар менен камсыз болушту.
  • Оюн автоматтарынын ишмердүүлүгүн 2012-жылы токтотуу демилгеси көтөрүлүп жатат. Бирок 2011-жылдын бюджетине бул тармактан 85 миллион сом кирешенин түшүүсү киргизилгендиктен, бул жылы толугу менен токтотуу маселеси ишке ашпай калчудай.
  • Түркиянын премьер-министри Режеп Эрдоган: “Биздин максат – жакынкы 5 жыл ичинде Кыргызстан менен соода жүгүртүүнүн көлөмүн
    1 миллиард долларга чейин жеткирүү”,- деди.
  • Ош шаарындагы турак үйлөрдүн коммуналдык төлөмдөрү 3 сом 52 тыйындан 1 сом 20 тыйынга чейин төмөндөтүлдү.
  • Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы келишимдин долбоорун колдоду. Аталган банк Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүүгө 44 миллион 800 доллар каражат бөлөт. Келишимдин негизинде бул сумманын 37 пайызы 25 жылдык мөөнөт менен насыя, калганы грант түрүндө берилет.
  • «Альфа Телекомдон» ири суммадагы акча уурдаган» деген шек менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кулмырза Бахтияр УКМК тарабынан кармалды.
  • Депутаттар «Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоорун кабыл алышты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 443, 29-апрель - 5-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан