БЭК партиясы: «ПАРЛАМЕНТ БАЗАРГА АЙЛАНДЫ»

16-апрелде БЭК партиясынын кезектеги съезди өтүп, анда төраганы алмаштыруу маселеси каралып, аны менен бирге өлкөдөгү саясий кырдаал талкууга алынды. Партия төрагасы Муратбек Мукашев “өлкөдөгү саясий, экономикалык, социалдык абал оңолуу жолуна түшкөн жок, коррупция өөрчүп жатат” деп бийликти сындап өттү. Ал эми парламент “Ош базарына” айланып калганын, коалициянын урап калышынан чочулаган аткаминерлер капчыктарын кампайтып алуу үчүн эл ырыскысына беш манжасын салып жатканын белгилеп, БЭК партиясы алдыдагы президенттик шайлоого катышарын билдирди. Партиянын негиздөөчүсү, президенттин ЖКдагы өкүлү Азимбек Бекназаров да өкмөттүн жүргүзүп жаткан ишине ичи чыкпай жаткандыгын жашырган жок.
Съезддин соңунда Муратбек Мукашевдин өзүнүн өтүнүчү менен төрагалыктан бошотулуп, ордуна Нурлан Чолоев жана Руслан Бекназаров съезддин катышуучуларынын колдоосу менен партиянын тең төрагалары болуп шайланышты.
“Шайлоо” деген “акебиздин” калпагы тээ кырдан көрүнө баштаганда саясатчылардын буту-бутуна тийбей жүгүрүп, убада бермейлери башталды бейм.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 443, 29-апрель - 5-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан