Жанындагы жан сакчыларына анчейин ишенбей жатканбы, айтор, ЖКнын төрагасы Ахматбек Келдибеков депутаттарга курал алып жүрүүгө уруксат берүү демилгесин көтөрүп чыкты.
Төраганын сунушу боюнча, эл өкүлдөрүнө кызматтык курал берилиши керек. Себеби эл өкүлдөрү ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу мезгилинде өмүрүнө коркунуч туулган учурлар кездешерин белгиледи. “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эл өкүлдөрү куралды сактоого жана алып жүрүүгө уруксат берет”,- деп жазылат сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда. Бул долбоор колдоо тапса, төрага айткандай, депутаттар куралды кызматына байланыштуу өз өмүрүн коргоо үчүн колдонсо эле болду. Ташиев-Сулайманов мушташындай учурларда тапанча кезешсе, кантер экенбиз?..