27-апрелде Жогорку Кеңештин имаратынын алдына Чүй жана Талас облусунун дыйкандары митинг уюштуруп, алар шекерди сырттан ташып келүүдө 30 пайыздык бажы алымын жоюуга каршы экендиктерин билдиришти. «Бажы алымын жойсо, кант кызылчасын өстүргөн дыйкандар жана жергиликтүү өндүрүүчүлөр жабыркайт» деп ыйлакташты. Буга чейин депутаттар «Бажы алымдары жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен, шекерди ташып келүүгө бажы алымын алып салышкан эле.