“Апрель элдик революциясынын баатыры” деген атайын төш белгиси менен 1163 адам сыйланган. Сыйлыкты тапшыруу чечими чыккандан бери анын айланасында ар кандай кептер тарады. Сыйлык элдик революциянын каармандары эмес, партия ишин аткаргандарга, үйүнөн чыкпай жашынып жаткандарга да берилип калганын айтышууда. Буга Апрель окуясынын башкы каармандарынын бири, учурдагы Жаштар иштери боюнча министр Алиясбек Алымкулов сыйлыкка көрсөтүлбөгөнү мисал боло алат.
Алиясбек мырза: “Мен сыйлыктан баш тарткан эмесмин. Мени сыйлыкка көрсөтүүнү былтыр майда эле башташканынан кабарым бар. Эл ишенип, сыйлыкка көрсөтсө, кантип албай коём? Элдин ишеними – Кудайдын берген ырыскысы. Ырыскыдан баш тарткан болбойт”,- деп төш белги албай калганына таң. А бийлик болсо «Алиясбекке чоң кызматты бербедикпи, болот» деп төш белгини берген эмес өңдүү.