Эл өкүлдөрү көп ойлоно берип чарчашканбы же акылдары жетпей калганбы, кыскасы, 5 мыйзам долбоорун Венеция комиссиясына карап, экспертизадан өткөрүү суранычы менен жөнөтүлгөнүн КСДП фракциясынын депутаты Данияр Тербишалиев билдирди. Аталган комиссия убакыттын тардыгынан улам алардын үчөөнү караганга жетишкен. Алар: “КРнын сотторунун статусу тууралуу”, “КРнын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы тууралуу”, “Сотторду тандоо боюнча кеңеш тууралуу” мыйзам долбоорлору.
Каралган мыйзамдар боюнча пикирлерин айтуу үчүн комиссиянын төрт өкүлү Бишкекке келмекчи. Бирок депутаттар алардын келишин күтпөй эле аты аталган мыйзам долбоорлорун караганы жатышканына тынчы кетип, басма сөз жыйынында Тербишалиев жар салды. Ошондой эле Венеция комиссиясынын жардамына бардык демократиялык мамлекеттер муктаж экендигин баса белгилеп, «алардын келишин күтпөй койсок, уят болуп калабыз» деген оюн билдирди.