«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 20 жылдан бери саясатта жүрүп, парламенттеги төрагалыкка да, башка кызматтарга да кызыкпаганын билдирди. Ал: «Акаев менен Бакиевдин бийлиги учурунда деле «дасторкондон» орун алып, «республиканы бөлүп алып, бирге башкарабыз» деген сунуштар дайыма түшүп турган. Мен эч бирине макул болгон эмесмин. Азыр деле Атамбаев, Бабанов «дасторкондун» четинен орун алууну сунуштаганын токтотпой келишет. Бирок мен буга эч качан макул болбойм»,- деп өз позициясынан кайтпасын баса белгиледи.