27-апрелде Биринчи Май райондук сотунда «Ак үйдү басып алмакчы болду» деп камалган Урмат Барыктабасовдун жана анын жанында жүргөн 14 кишинин соттук иши каралды. Булардын үстүнөн тартип бузгандыктары, курал-жарак, ок-дарыларды жанына алып жүргөндүгү үчүн жана милиция кызматкерлерине күч колдонуп каршылык көрсөткөндүгүнө байланыштуу айыптар коюлуп, күнөөлүү деп табылды.
Соттолуучунун тарапташтары менен бийликти басып алуу жөнүндөгү телефондук сүйлөшүүлөрү соттун санкциясы жок милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз тыңшоого алынгандыгы себеп болуп, «Барыктабасов бийликти басып алмакчы болду» деген айыптан кутулду. Жыйынтыгында Барыктабасов 4 жылга, ал эми анын он төрт тарапташынын төртөө 3 жылдан 10 жылга чейин, калган ону 2 жылга эркинен ажыратылды.