Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев Түркияга болгон расмий иш сапары учурунда Түркиянын премьер-министри Режеп Эрдоган менен жолугушуп, бир катар ийгиликтүү макулдашууларга жетишти. Алсак, Түркия Кыргызстанга берген 51 миллион доллар карызынан кечип, гранттык негизде 10 миллион доллар жардам бермей болду. Ошондой эле эки элдин карым-катышына буга чейин тоскоол болуп келген виза тартибине өзгөртүү кирмекчи болду. Эки мамлекеттин атуулдары визасыз каттап, 90 күнгө чейин жүрүүгө жол ачылмакчы.