Учурда өлкөбүздү корей кинолорунун толкуну каптап, жадакалса кыргызча “Гу Чжун Пёго кантип турмушка чыкса болот?” деген тасма тартылууда. Мындай суроого режиссёр кандай жооп тапканы белгисиз, бирок спортчу Кылычбек Саркарбаев “Гу Чжун Пёну кантип жеңсе болот?” деген суроону чече алды.
Ал абсолюттук салмакта Кореянын Сеул шаарында өткөн эрежесиз эр уруш боюнча (КФ-1 версиясы) мелдеште үй ээси Жон Кинди нокаут менен жеңип кайтты. Муну менен Кылыч 4 баскычтан турган Дүйнө биринчилигинин кийинки баскычына (сентябрда өтөт) жолдомо алды. Ал эми аялдар арасында намысыбызды коргогон Алина Карасартова жеңилүү ызасын тартууга аргасыз болду.