3-май күнү эстрада ырчылары Алишер Тоотаев менен Гүлжигит Сатибеков “Маданият министрлиги тарабынан “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйландык” деп албыра сүйүнүп келип калышыптыр. Биздин “жердешчилик эмеспи?” деген тамашабызга чочуп кеткен Гүлжигит: “Эч ким мындай суроо бербей эле куттуктап жатышты эле... Мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларга активдүү катышчубуз, ошон үчүн берилди го”,- дейт ийинин куушуруп.
Эмне дейбиз, өмүр бою сахнадан түшпөй келген Чубак Сатаев, Манас Бердибеков сыяктуу инсандарыбыз жетпей арманда кеткен “КРнын Эмгек сиңирген артисти” наамына да жетишиңерди каалайбыз.