Фархат Кеңешбек уулу “Кайдагы сүйүү?” деп сыздап жүрүп акыры сүйүктүүсүн тапканбы дейм. Ырчы учурда борбордогу эки бөлмөлүү батирин оңдоп-түздөө менен алектенип жаткан экен. Буга чейин курулуш иштерине жолобогон Фархат кафель чаптаганды да үйрөнүптүр.
“Аял алсаң, отун ал” дегендей, ырчы жигит нике шакегин тагынууга бел байлап калган окшойт. Анткени жүрөгү дүкүлдөп эле “Назик экен” деп ырдап калыптыр.