Эмне, тамгаларды унутуп калыптырбы дейсизби? Жок. Ырчы Байыш Момунов экөөнүн сүйүүсүнөн жаралган уулу Байэл эс тартып, быйыл мектеп босогосун аттаганы жатыптыр.
Ырчы: “Убакыт билинбей өтө берет тура. Байэл быйыл 1-класска барат. Уулум классташтарынан артта калбасын деп тамгаларды таанытып, Алиппени кайрадан барактап жаткан учурум. Байэлдин аракети жакшы, сөздөрдү муундап окуп калды. Азырынча барчу мектебин тандай элекпиз. Учурда Жалал-Абаддын борборунан уулум экөөбүзгө ылайыктуу үй сатып алсам деген ойдомун”,- деп кабарын билдирди.