Ырчы Султан Садыралиев “Супер-Инфого” берген акыркы интервьюларында “келинчегим көз жарса, биринчи силерге сүйүнчүлөйм” деп сөз берген эле. Убадасына турган жигит 5-май күнү эртең менен редакциябызга коңгуроо какты. “Сүйүнчү! Түндө уулдуу болдум! Ата болуу бактысы сөз менен айтып бергис жагымдуу сезим экен. Келинчегим Асел менен бирге өзүм көз жаргандай эле болдум, түнү менен бутум бутума тийбей чуркап. Толкундангандан канча салмакта төрөлгөнүн сурабай да калыптырмын”,- дейт кубанычы коюнуна батпаган Султан.
Ырчынын айтымында, ымыркайдын ысымын чоң атасы даярдап коюптур. Бишкекке келери менен наристеге ысым ыйгарат экен. Балким, 5-Май – Конституция күнүндө төрөлдү деп Мыйзамбек коюшар... Учурда эне-баланын ден соолугу жакшы.
Султан, уулуңдун бешик боосу бек болуп, кыргыздын чыгаан уулдарынын катарын толуктасын!