КРнын Жаштар сыйлыгынын лауреаты, акын жана драматург Жеңишгүл Өзүбекова менен коомдук ишмер, тилчи Ташбоо Жумагулов кичүү уулу Илимбекти үйлөнтүштү.
“Келинибиз Аселди 27-апрель күнү кыргыз салты менен үйүбүзгө алып келдик. Үй оокаттарын келиниме өткөрүп, эми жан дилимден ыр жаратып, кино тартам”,- дейт Жеңишгүл эже. Учурда үй-бүлө мүчөлөрү чоң той өткөрөлү деп чуркап жүргөн кездери.