Бир бүркүм... ЖҮРӨК ООРУСУНАН КӨЗ ЖУМГАНДАРДЫН САНЫ 17 МИҢ...

  • Кыргызстанда жылына жүрөк оорусунан 17 миңге жакын адам көз жумат.
  • 9-майда Бишкек шаарында Кыргызстандын жаштар эмгек биржасы бош орундардын кезектеги жарманкесин өткөрөт.
  • Былтыр Ысык-Көлдө 180 миң турист эс алган болсо, 2009-жылы алардын саны 383 миңге жеткен.
  • Кеңешбек Дүйшөбаев УКМКнын каттоосунда «Хизб-ут-Тахрир» уюмунун 1900дөн ашуун мүчөсү бар экенин маалымдады.
  • Жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо мөөнөтү узартылды. Буга чейин катталбай калгандар 2011-жылдын 20-26-29-май күндөрү каттоодон өтө алышат. Быйыл республикалык тестирлөөгө катышууну каалагандардын жалпы саны 36 миңге жетти.
  • КРнын Мамлекеттик байланыш агенттиги билдиргендей, өлкө боюнча уюлдук байланыштын колдонуучуларынын саны 4 миллион 900 миңге жетти. Алардын ичинен интернеттин активдүү пайдалануучулары 1 миллион 100 миң абонентти түзөт.
  • Жазгы талаа жумуштарына 15 миң тонна күйүүчү май жетпей жаткандыгын Айыл чарба министри Төрөгул Беков билдирди.
  • Ушул жылдын апрелине чейин бажы салыгынан республикалык бюджетке 1 миллиард 730 миллион 600 миң сом киреше түштү.
  • “Талас-Ала-Тоо” ассоциациясы таластык дыйкандардын төө буурчагын 35 сомдон сатып алат.
  • Жакынкы күндөрү өлкөгө Өзбекстандан 100 миң тонна жер семирткич алынып келинет.
  • Быйыл Бишкек шаарынын бюджети 5 миллиард 217 миллион 524 сомду түздү. Жарнама жана жеке менчик мейманкана иштеткендер үчүн салык киргизилип, шаардык бюджет дагы 120-150 миллион сомго жогорулайт. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Мурат Исмаилов билдирди.
  • Бишкек мэриясы согуш ардагерлерине колдоо көрсөтүү максатында 29 миллион 280 миң сом бөлдү.
  • 7-майда “Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги аз камсыздалган үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында 20 жуптун үйлөнүү тоюн өткөрөт.
  • Ош менен Жалал-Абад облустарында көп кабаттуу турак жайлардын курулушуна 1 миллиарддан ашык сом каралган. 2010-жылы 5 айдын ичинде көп кабаттуу турак жайларды курууга 442 миллион 608 миң сом чыгымдалса, 2011-жылдын ушул мезгилинде 557 миллион 519 миң сом которулмакчы.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 444, 6-12-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан