КЫРГЫЗСТАН СӨЗ ЭРКИНДИГИ АЗЫРААК ӨЛКӨЛӨРДҮН КАТАРЫНДА

Кыргызстан сөз эркиндигинин деңгээли боюнча дүйнөлүк рейтингде 155-орунда турат. Бул тууралуу “Freedom House” эл аралык укук коргоочу уюму билдирет. Аталган уюм Кыргызстандагы сөз эркиндигинде жылыш бар экендигин белгилейт. Бирок республика мурдагыдай эле сөз эркиндиги азыраак болгон өлкөлөрдүн катарынан алдыга озуп чыга электигин да кошумчалады.
Коңшу өлкөлөрдөн Тажикстан 168-орунда, Казакстан 172-орунда, Орусия 173-орунда турат. Беларусь, Өзбекстан жана Түркмөнстан “сөз эркиндиги таптакыр жок” делген 10 өлкөнүн катарына кирди. Ал эми сөз эркиндиги күчтүү өнүккөн өлкөлөрдүн алдыңкы сабында Финляндия, Норвегия жана Швеция турат.
Жалпысынан дүйнөнүн 68 өлкөсүндө (35%) сөз эркиндиги бар деп эсептелсе, 65 мамлекетте (33%) анын деңгээли азыраак, ал эми 63 өлкөдө (32%) сөз эркиндиги жок деп аныкталды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
lider-kg
2011-05-09 09:40:17
зоз эркиндигинин атасы бизда амеей
0
№ 444, 6-12-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан