Жаратылыш ресурстары министрлигинин башчысы Замирбек Эсенамановдун кесиби боюнча бул тармакка «адашып» келген кадр экени айтыла баштады. Профессионал геологдордун ырасташынча, анын жаратылыш байлыктары боюнча түшүнүгү тайкы болгондуктан, өлкөбүздө кен казуу иштери начарлап кеткен.
Өлкө экономикасынын негизги тамыры саналган бул тармакты чыныгы кесипкөй жетектеш керектигин какшаган тоо-кен өндүрүшчүлөрү өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевден иштин көзүн билген жетекчини дайындоону талап кылышууда. Эскерте кетсек, Замирбек Эсенаманов буга чейин эт комбинатын жетектеп келгендиги маалым.