9-10-май күндөрү Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Ысык-Көл, Нарын облустарынын талаа аймактарында, Чүй облусунун тоо этектеринде, Ош облусунун Алай районунда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Аксы аймактарында жана Баткен облусунун Лейлек районунун айрым жерлеринде үшүк жүрүүсү мүмкүн. Андан тышкары нөшөрлөп жааган жаандан 5-майдан 8-майга чейин тоолуу жана тоо этегиндеги аймактарда сел жүрүү, ошондой эле өзөндөрдөгү суунун деңгээлинин көтөрүлүү коркунучу бар.