Орусияда күйүүчү майды экспорттоо 67 пайызга өскөндүгү тартыштыкты жаратып, бензиндин кымбаттоосуна алып келди. Ушуга байланыштуу Орусия 1-майдан баштап бензинди сыртка ташып чыгууда экспорттук төлөмдү 7 пайызга көбөйттү. Буга чейин бензиндин экспорттук төлөмү тоннасына 423,7 долларды түзсө, азыркы тапта бир тоннасы 453,7 долларга чейин жетти.
Буга чейин Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы Орусияда экспорт төлөмү жогоруласа, бизде күйүүчү майдын баасы 6-7 сомго чейин кымбатташы мүмкүн экендигин билдирген. Чын эле Бишкекте бензинге болгон баа акырындап өсө баштады. Орусиянын мындай оюндары мунайы тартыш биздин өлкөнүн капчыгын жакшы эле кагары белгилүү. Андыктан «арзаныраак май берчи» деп жалдырабай эле кытайларга окшоп велосипед тээп алсак окшойт.