«Чыгыш электр» ААКсынын маалыматына ылайык, Нарын жана Ысык-Көлдүн шарты оор тоолуу аймактарынын жашоочулары эми электр энергиясын бир нече ай бекер пайдаланышмакчы. Бул үчүн өкмөт 2010-жылы электр энергиясына төлөнгөн акча каражаттарын кайра эсептеп чыгып, анын жыйынтыгында 37 миллион 453 сомду элдин эсебине котормой болду. Тактап айтканда, кыш айларында 110 кВт саат, жай айларында 50 кВт сааттын акчасын өкмөт жардам катары төлөп берет.
Эскерте кетсек, эски бийлик электр энергиясына болгон бааны 70 тыйындан 1 сом 50 тыйынга чейин кымбаттаткан эле.