Мамлекеттик кызматкерлер өз кирешелери боюнча декларацияны толтуруп тапшырышты. Президент Роза Отунбаева былтыр 1 миллион 857 миң сом киреше тапкан. Ошондой эле 1994-жылы алган батиринин баасын 1 миллион 500 миң сом деп көрсөткөн.
Ал эми премьер-министр Алмазбек Атамбаев жыл ичинде 280 миң сом пайда тапкан. Мындан сырткары өкмөт башчы 1989-жылы 2 миллион сомго өндүрүш мекемесин, 1995-жылы 3 миллион сомго жер тилкесин жана 100 миң долларга үй сатып алгандыгын белгилеген. Анын туугандары 500 миң долларга бааланган үйгө жана 4 миллион долларлык мүлккө ээлик кылышат.
Декларацияда көрсөтүлгөндөргө таянсак, аткаминерлердин кедейи Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков экен. Ал декларацияда 2010-жылы иштеген жеринен 40 миң сом кирешеге ээ болгондугун, аны менен кошо колунда 1986-жылы 7 миң рублга сатып алган унаасы жана 2009-жылы белекке алган үйүнөн башка эч нерсеси жок “жылаңач” экенин көрсөткөн.