ИНДЕЕЦТЕР АЙЫЗЫ КЕЛГЕН АЯЛДАРДАН КОРКУШАБЫ?

Америкада жашаган индеецтердин Шоуни, Криик, Чероки, Кри ж.б. уруу­ларында аялдар айызы келген маалда уруусунан бөлү­нүп, ээн аралда же эч ким барбаган токойдо жашашат. Ал аял айызы бүт­көндөн кийин кайра өз тобуна келип кошулуп жашай беришет. Эгер айызы келген аял жаш балалуу же жаңы төрөгөн болсо, уруудагы аялдар баласын алып калышат да, өзү кайтып келгиче карап, багып турушат. Бул бир жагынан аялдардын бир айда бир эс алуусуна шарт түзөт. Себеби, аялдар дайыма өсүмдүк тамырын топтошуп, бала багышып ж.б. ушул сыяктуу түйшүк­төрдөн такыр колу бошобой, эс алганга убакыт таба алышпайт эмеспи. Кээ бир баласаак аялдар балдарын сагынып, кусалыктан ээн аралда өткөргөн 3-4 күнү 3-4 жылга созулгандай сезилет. Убактылуу жашаш үчүн барган жеринде жапайы жаныбарлар болгон болсо, аялдар алардан өздөрүн өздөрү коргоого тийиш.
Бул көрүнүш эмне себептен салтка айланганы да кызыктуу болуп эсептелет. Көпчүлүк индеец урууларында эркектер аңчылык менен үйбүлөсүн, алтургай, уруусун багышат эмеспи. Алар аңчылыкка чыгаар алдында көргөн түштөрүн жорутушуп, аңчылыкка чыгаарга үч күн калганда аялдарын өздөрүнөн алыстатышып, катуу даярдык кө­рүшөт. Алар муну менен бирге эгер аңчылыкка чыгуучу эркектин алдынан айызы келген аял өтүп кетсе, ал эркектин жолу болбойт дешет. Ошондуктан, алдынан айызы келген аял өтүп кетпесин деп коркуп отурбастан, аларды өз алдынча бөлүнүп жашоо чечимин чыгарышкан. Баарынан кызыгы, бир үйбү­лөдөгү кызынын же аялынын айызы келген-келбегенин атасы гана суроого акылуу.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 191, 30-июнь-6-июль, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан