«Нопновые» имена»

Бир айдан бери эч кимди сынай элек элем, редакциядан чалып “Толик, концерт!” дегенде кудуңдап сүйүнүп кеттим. Ал концертти Алексей Филатов уюштуруп жатканын билгенде ого бетер кубандым...

Башталышы – 19:30
Билет баасы – 150 сом
Алпаруучу – Алексей Филатов
Эң мыкты номер – Азиз Газиев, “Бишкекский гуляка”
Бир айдан бери эч кимди сынай элек элем, редакциядан чалып “Толик, концерт!” дегенде кудуңдап сүйүнүп кеттим. Ал концертти Алексей Филатов уюштуруп жатканын билгенде ого бетер кубандым...
Энергиясы такыр түгөнбө­гөн, улам жаңы идея ойлоп тапкан, изденүүдөн талбаган жаш продюсер Алексей Филатовду көргөндө: орустун “Мал, да удал”, англистин “Little pigeons can carry great messages” жана кыргыздын “Бою бир карыш, акылы миң карыш” сыяктуу лакаптары эске түшөт. Мына ушул сакадай бою сары алтын жигитибиз “он экинчи! он үчүнчү! он төртүнчү!” дебей эле, концертти мээлеп туруп бир гана күн, 15-августта өткөрдү. Кече секундасына чейин убагында башталганда кимдин башынан чөп сындыраарымды билбей калдым. Концертти 70 адамдан турган Алексей Филатовдун модерн-балети ачты. Шаңдуу бий аяктап, туптуура 19:30 болгондо элдин алкышы, кыйкырык-ышкырыгы менен сахнага чыккан Алексей: “Концертке кечигип келүүнү адат кылган конокторубузду күтүп чарчадык”,- деп тамашалай кетти.
Концерттин аты айтып тургандай, ага жалаң “жаңы ысымдар” катышышты. Алардын кээси “новый” эмес, “нопновый” болгондуктан, чоң сахнага жаңыдан чыгып келатканы, сүрдөп жатканы көрүнүп турду. Ошентсе да, залдагы көрүүчүлөр ар бир катышуучуну колдоп турушту.
Кыргыз, орус тилдеринде ырдаган Азиз Газиев аттуу шайдоот жигит бүтүндөй залга жакты көрүнөт. Мен да «концерттин эң мыкты номери» деп ушул жигиттин ырын айтаар элем. Ошентсе да, эл берген добуштун жыйынтыгында “концерт-конкурстун татыктуу жеңүүчүсү” деп татынакай Зауре аттуу кыз аталды. Эми ага бекер клип тарттырып беришет.
“Концертке барбай калдым” деп өкүнгөндөргө бекер нерв клеткаларыңызды өлтүрө бербеңиздер демекчимин. Бардыгы мен сүрөттөп бергендей болду. Сахнанын жасалгасы, элдин Спорт Ордосун дээрлик 90 пайызга толтуруп турганы (ал эл жалаң катышуучулардын жакындарындай сезилди) концерттин кээбир техникалык кемчиликтерин жаап кетти. Чоң сахнага талпынган жаш таланттарды колдоп жүргөн Алексейге ийгилик каалайбыз.

Толик сынчы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 303, 22-28-август, 2008
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан