КОШ БОЛ БЭЭЖИН!

ЖУҢГОНУН ИШЕНИМДҮҮ ЖЕҢИШИ
Мелдештердин жогорку деңгээлде өткөрүлгөндүгүн айтпасак да баарына белгилүү. Оюндардын натыйжалары тууралуу кеп кылганда кытайлыктардын ишенимдүү чыгуулары таңкалтырат. 1984-жылдан бери Олимпиадада эч бир өлкө 50дөн ашуун алтын медаль уткан эмес. Америкалыктар менен орусиялыктар көбүнчө спорттун жеңил атлетика жана жекеме-жеке күч сынашуу түрлөрүндө жеңишке жетишкен болсо, кытайлыктар дээрлик спорттун бардык түрлөрү боюнча туруктуу ийгиликтерди жаратышты. Жыйынтыгында, баары: мелдештин катышуучулары, күйөрмандар, кожоюндар ыраазы.
БОРТ СЫРТЫНДА КАЛГАН ЖЫЛДЫЗДАР
4 жылда бир өтүүчү Олимпиадалык оюндарга катышуу ар бир спортчунун кыялы болсо да, аны ар ким эле ишке ашыра албайт. Олимпиаданы бир нече жыл күтүп жашап келгендер жана катыша албай калгандар четинен табылат. Ошондой эле атактуу спорт жылдыздарынын да кандайдыр бир себептерге байланыштуу мелдештерге катыша алышпай, мелдештерди катардагы күйөрмандар сыяктуу сыналгыдан күзөтүүгө аргасыз болгон учурлары болбой койбойт.
Алсак, футболчулардан Олимпиадага катышууну канчалык кааласа да, дүйнөнүн учурдагы мыкты футболчусу Кака жана анын атактуу мекендеши Робиньо катыша алышкан жок. “Реалдын” жылдызы Робиньо жаракатка кабылса, Каканы “Миландын” жетекчилиги жаракаттан кооптонуп, коё берген эмес. Олимпиадага катыша албай калган “бактысыз” спортчулардын көбү тенниске таандык. Орусиялык Марат Сафин тандоодон өтө албай калса, Марио Анчич, Жо-Уилфред Тсонга жаракатына байланыштуу жылдын башкы спорттук окуясына катыша алышкан эмес. Кыздардан ушундай эле абалга Мария Шарапова жана Ана Иванович туш болушту. Экөө тең Бээжинге сапар алышса да, жаракаттарына байланыштуу мелдештерди андан ары уланта алышпады.
КЫРГЫЗСТАН ХХIX ОЛИМПИАДА ОЮНДАРЫНДА
Бээжинге өлкөбүздүн намысын коргоого аттанган олимпиадалык курама командабызды 20 спортчу түздү. Алардын ичинен бешөө гана кыргыз, төртөө легионер болду. Мындай өзгөчөлүк медалдар үчүн болгон күрөшкө таасирин тийгизген жок. Бээжинде кыргыз туусу эки жолу желбиреди. Кыргызстан өз тарыхында 1-жолу Олимпиадада 2 медалга ээ болду. Бул ийгилик “келечекте кыргыз спортчулары дүйнөлүк мелдештерде чоң жеңиштерге жетише алат” дегенди билдирип, спортчуларыбызга ишеним тартуулады. Андыктан, Канатбек Бегалиев , Руслан Түмөнбаев, силер азаматсыңар!
ОЛИМПИАДА ЭМНЕСИ МЕНЕН ЭСТЕ КАЛДЫ?
Ошентип, XXIX жайкы Олимпиада оюндары жыйынтыкталды: медалдардын 302 топтому өз ээлерин тапты, дүйнөлүк жана олимпиадалык рекорддор жаралды. Расмий эмес командалык эсепте жеңүүчү мамлекет аныкталды. Бирок, аталган жеңиш жана жеңилүүлөрдөн тышкары Бээжин Олимпиадасында таңкалыштуу жана күлкүлүү окуялар көп эле болду.
ОЛИМПИАДАНЫН...“СУПЕРКААРМАНЫ”
Талашсыз түрдө Бээжин Олимпиадасынын башкы каарманы деп 8 алтын медалга ээ болгон америкалык суучул Майкл Фелпс табылды. Ал башка америкалык суучул Марк Спитцтин “түбөлүк” рекордун (1972-жылы 7 алтын медаль уткан) жокко чыгарды. Жалпысынан, Майклдын алтын медалдарынын саны 14кө жетти. Анын жеңиштеринин көпчүлүгү ушунчалык ишенимдүү болгондуктан, аны бир нече сөз менен эле айтууга болот: старт алды, атаандаштарынан озуп кетти, финишке жаңы рекорд менен жетип келди. Эгер кимдир бирөө спорт тарыхындагы “улуу спортчу” деп аталууга татыктуу болсо, анда ал – Майкл Фелпс. Ал болгону 23 гана жашта. Кызыгы, каармандын өзү алтын медаль утууга караганда кытай тилин үйрөнүү кыйын экендигин билдирди.
“СОККУСУ”
Кубалык таэквондочу Анхель Матостун коло медаль үчүн болгон беттеши күтүлбөгөн натыйжа менен аяктады. Эреже бузгандыгына байланыштуу “жеңилүүчү” деп табылган спортчу күчүн беттеш калысына чыгарган. Калыстын бетине бут менен узатылган таамай сокку анын карьерасына чекит коюп койду. Адатта, мындай соккуга упай ыйгарылса, бул жолу ал машыктыруучусу менен кошо өмүр бою спорттон четтетилди.
“ТРАГЕДИЯСЫ”
77 килограмм салмакта оор атлетика боюнча мелдештерге катышып жаткан венгриялык спортчу Янош Баранья мелдеш учурунда күтүлбөгөндөй трагедияга кабылды. Ал жулкуп көтөрүүдө 148 килограмм штанганы көтөрүп жатканда оң колу чыканагынан сынып кеткен. Дарыгерлердин айтымында, дзюдо менен машыгып, жакында оор атлетика менен алектене баштаган Янош эми спорт менен кош айтышууга аргасыз.
“КОСЯГЫ”
Мылтыктан ок атуу боюнча (3 абалда) америкалык Мэттью Эванс соңку атуусуна чейин тизмеде биринчиликте бараткан. Бирок, соңку атуусунда жаза тайып, мүмкүн болгон 10 упайдын ордуна 4 гана упайга ээ болгон. Анын мындай жаңылыштыгы чөнтөктө турган алтын медаль турсун башка медалдардан да куру калтырды.
“РИМЕЙКИ”
Тажик мушкери Жахон Курбанов рингде казакстандык Еркебулан Шиналиевди желкесинен тиштеп алган. Дал ушул күнү бокс мелдештеринин учурунда М.Тайсонго кулагын үздүрө тиштеткен Э.Холифилд келген эле. Андыктан, Эвандер дагы бир жолу ушундай окуяга көрүүчү катары күбө болду.
“МАНИКЮРУ”
Америкалык суучул Дана Торрес 50 метрлик финалдык жарышта германиялык Бритте Штеффенге жүздөн бир секунд артта калып, алтын медалды тарттырып жиберген. Мунун себебин түшүндүргөн америкалык айым старттын алдында тырмактарын алгандыгы финиште кол тийгизүүдө таасирин тийгизип, жеңүүгө тоскоол болгонун моюнуна алды. Ал эми анын тырмактары кимге тоскоол болгондугу белгисиз.
“ДААРАТКАНАСЫ”
Олимпиаданын ачылыш салтанатында түтүккө окшотуп жасалган факелди коргогон аскерлерге подгузниктер таратылган. Кызыгы, 7 саат тыныгуусуз кароолдо турган аскерлердин бири да андан баш тартпай колдонушкан. Подгузникчен 99 аскер – коргоочу химиялык курал сыяктуу эле таасир берди.
“БООСУ”
Ямайкалык жарышчы Усейн Болт 100 метрге чуркоодо алтын медалга ээ болду. Ал бул жарышты дүйнөлүк рекорд (9,69 секунд) менен эле эмес, чечилген боосу менен утуп алды. Боосунун жарыш алдында же кийин чечилгендиги белгисиз, бирок, кийин кубанган спортчу бут кийимин аябай өөп-жыттаганы көрүүчүлөрдү таңкалтырды. Негизи, ямайкалыктар шайыр жана сүйүүгө берилген калк эмеспи.

Даярдаган Базарбек Абдураимов e-mail: sport@super.kg

ОЛИМПИАДАЛАРДЫН РЕКОРДЧУЛАРЫ

Аты-жөнү (мекени)

Алтын медалдары

Спорт түрү

Катышкан Олимпиадалары

1

Майкл Фелпс (АКШ)

12

Сууда сүзүү

“Афины-2004”, Бээжин-2008”

2

Карл Льюис (АКШ)

9

Жеңил атлетика

“Лос-Анжелес-1984”, “Сеул-1988”, “Барселона-1992”, “Атланта-1996”

3

Марк Спитц (АКШ)

9

Сууда сүзүү

“Мехико-1968”, “Мюнхен-1972”

4

Лариса Латынина (СССР)

9

Спорт

гимнастикасы

“Мельбурн-1956”,

“Рим-1960”, “Токио-1964”

5

Пааво Нурми (Фин.)

9

Жеңил

атлетика

“Антверпен-1920”,

“Париж-1924”, “Амстердам-1928”

“БЭЭЖИН-2008деги” МЕДАЛДЫК ЭСЕП

МЫКТЫ ОНДУК

1

Кытай

51

21

28

100

2

АКШ

36

38

36

110

3

Орусия

23

21

28

72

4

Англия

19

13

15

47

5

Германия

16

10

15

41

6

Австралия

14

15

17

46

7

Корея

13

10

8

31

8

Жапония

9

6

10

25

9

Италия

8

10

10

28

10

Франция

7

16

17

40

КМШ ӨЛКӨЛӨРҮ

11

Украина

7

5

15

27

16

Белоруссия

4

5

10

19

27

Грузия

3

0

3

6

29

Казакстан

2

4

7

13

39

Азербайжан

1

2

4

7

40

Өзбекстан

1

2

3

6

67

КЫРГЫЗСТАН

0

1

1

2

70

Тажикстан

0

1

1

2

79

Армения

0

0

6

6

86

Молдова

0

0

1

1

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 304, 29-август - 4-сентябрь 2008-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан