Кличколордун кенжеси Владимир менен 21 жашар америкалык кино жылдыз Хайден Панеттьеринин мамилесин уккан чыгарсыз. Бир жарым жылдан ашуун жылуу мамиледе болуп келген жаштар эми ажырашышты. Эскерте кетсек, буга чейин мушкер менен актрисанын мамилесине ортодогу 13 жаш жана бойдогу 40 сантиметр айырмачылык бөгөт боло алган эмес. «Эки башка континентте жашап туруп сезимдерди сактап калуу өтө оор»,- дейт бул тууралуу мушкер. Кличконун минтип аралыкка шылтап жатканын угуп, «Володянын сүйүүсү «тоок сүйүү» беле?» деген ой келет. «Чыныгы сүйүү узак аралык эмес, ондогон жылдар менен сыналат» деген сөз бар эмеспи...