СССРдин Эл артистиАсанхан ЖУМАХМАТОВ

Украинада калган балалык
Асанхан ага 1923-жылдын 16-июнунда Чүй облусуна караштуу Ысыката айылында болуштун үйбүлөсүндө жарыкка келген. Аганын эскерүүсү боюнча, эс тартканы апасы Артык Чалова атасы Жумахмат Чаловдун бей-бечараларга дайыма жардам берип турганын көп айтчу. 1917-жылы 7-ноябрда Орусия мамлекетинде Улуу Октябрь революциясы орногон мезгил болочок дирижёрдун үйбүлөсүнүн жашоосуна бурулуш алып келген. 1928-жылы жазында кичинекей музыканттын атасын Пишпекке чакыртышат. Атасы ошол жерден бай-манап катары камакка алынып, Сибирге айдалган. Андан кийин болочоктогу маэстро энеси жана биртууган байкеси менен Украинага көчүрүлгөн. Өзү бул туу­ралуу «менин балалыгым Украинада өттү» деп эскерчү. Улуу дирижёрдун музыкага болгон шыгы Украинада жүргөндө ойгонот. Ал жерде балдар үйүнүн өздүк чыгармачылык оркестринде музыка менен алектене баштайт.
1938-жылы Асанхан Жумахматов мекенине кайтып келип, педагогикалык техникумдун даярдоо бөлүмүнө кирет.
Согуштагы каармандык
1941-жылы бейкут жашап жаткан элге капилеттен согуш деген кайгылуу кабар тарайт. Согуш чыккан жылдын аяк ченинде Асанхан ага Кызыл Армиянын катарына өз ыктыяры менен кетет. Сталинград салгылашуусуна катышып, сол ийининен оор жаракат алат. Атамекени үчүн каны-жанын аябаган дирижёр 1944-жылдын аягында мекенине кайтат. Ал «Кызыл Жылдыз» жана биринчи даражадагы Улуу Атамекендик согуштун ордендери, «Германияны жеңгендиги үчүн», «Сталинградды коргогондугу үчүн», Жуков атындагы медалдар менен сыйланат.
Элге таанылуу
1945-жылдын сентябрынан баштап Жумахматов Москвадагы Чайковский атындагы мамлекеттик консерваториянын дирижёрдук, андан кийин опера-симфониялык дирижёрду–к факультетинде окуйт. Консерваторияны аяктаган соң өз мекенине кайткан талант Кыргыз опера жана балет театрынын башкы дирижёру болуп дайындалат. Жаш болсо да таланты менен көпчүлүктүн көңүл борборунда болгон ал 1958-жылы Москва шаарында өткөн кыргыз искусствосунун экинчи декадасын жетектейт. Андан сырткары, жыл сайын дүйнөлүк масштабдагы таанымал солист-вокалисттер менен бирге көптөгөн концерттик программаларды даярдоого үлгүрөт. Анын дирижёрдук өмүрү Опера жана балет театры менен жарым кылымдан ашуун мезгилге байланган. Ал Прокофьевдин «Ромео менен Жульетта», Вердинин «Аида», Мусоргскийдин «Борис Годунов», Пуччининин «Кусалык», Власов, Малдыбаев жана Ференин «Токтогул», Раухвергердин «Жамийла» жана башка көптөгөн чыгармаларын оркестрге салган.
Өчкөн жылдыз
А.Жумахматовдун кыргыз профессионалдык музыкасынын өнүгүшүнө кошкон салымы баа жеткис. Ал Кыргыз Республикасынын Баатыры, СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Эмгек «Кызыл Туу» жана үчүнчү даражадагы «Манас» ордендери менен сыйланган. Кыргыз улуттук консерваториясынын профессору болгон. Асанхан Жумахматов дүйнөлүк, орус, кыргыз классикасынан 50гө чукул опера жана балеттердин музыкаларын оркестрлештирген. 1970-жылдан бери Кыргыз телерадиокомпаниясынын Академиялык симфониялык оркестрине көркөм жетекчи жана башкы дирижёр болуп иштеп келген. Кыргыз элинин көрүнүктүү уулу Асанхан Жумахматов 2008-жылдын 21-июлунда 85 жаш курагында дүйнө салды.
Улуу дирижёрдун жеке жашоосу, мүнөзү, балдары тууралуу 48 жыл бирге жашаган өмүрлүк жубайы Гүлхан Сатаева менен баарлаштык...
– Эже, айтсаңыз, Асанхан агай менен кантип табыштыңыз эле?
– Шаар боюнча жалгыз №5-кыргыз мектебинин 7-классын аяктагандан кийин Москвадагы консерваториянын алдындагы студияга окууга кеттим. Ал жерде окуп жатканымда Асанхан консерваториянын өзүндө окучу. Анда анын балерина аялы бар болчу. Экөө эркек балалуу болушкан. Асанхан экөөбүз бири-бирибизди сыртыбыздан тааныганыбыз менен сүйлөшчү эмеспиз. Кийин мен студияны бүтүп, Кыргызстанга келип, Опера жана балет театрында опера ырчысы болуп иштеп калдым. Асанхан Москвадагы консерваторияны бүтүп, мен иштеген театрга башкы дирижёр болуп орношту. Ал мага “бул жерин мындай ырда” деп акыл-насаатын көп айтты. Ошол учурда аялы менен ажырашып жүрүптүр. Бирок, себеби мен эмес. Анан экөөбүз бири-бирибизди жактырышып, 1958-жылы баш коштук. 1959-жылы улуу балам Эрмек төрөлдү. 1963-жылы экинчи уулум Эрик төрөлдү. Эки баланы төрөгөндөн кийин толуп кеттим. А мен аткара турган ырлар: Евгений Онегиндин Татьянасы, Айчүрөк, “Ажал ордундагы” Зулайка – баары арык, 16-18деги жаш кыздар болчу. Андыктан, ырдап чыкканымда менин мүчөмдү алардын мүчөсүнө ылайыктайбыз деп корсет кийгизип катуу тартып кыйнашчу. Бир күнү Асанханга: “Бир үйдөн бир эле чыгармачыл адам болсун, мен театрга администратор болуп иштейин”,- дедим. Ошентип, ырдабай калдым.
– Агайдын мүнөзү туурасында айтып кетсеңиз...
– Асанхан ак көңүл, колуна тийген акчаны тез арада чачып жиберген адам болчу. Ал үйгө кирип келгенде бака-шака болуп, үй ичи кадимкидей шаңга бөлөнчү. Мен ырдап жүргөн учурда “сен иш кылба, мага жакшы ырдап берсең эле болду” деп үй иштерин өзү жасачу. Экөөбүздүн мындай турмушубузду көрө албагандар ажыраштырганга аракет кылышты. “Асанхан тиги кыз менен жүрөт, бул жерде минтип атат, театрга келип калыңыз” деп канча телефон чалышты, тоголок каттарды тоголотушту. Аларга ишенип Асанханды аңдып, каттарды териштирчү эмесмин. Айсулу Токомбаеванын апасы Мүнжия эже да опера ырчысы болчу. Ал мага: «Асанхандай талант дүйнөгө бир жаралат. Сен аны «эмне кеч келесиң, кайда жүрдүң?» деп тескей бербе. Эркин коё бер, ошондо гана талант өсөт”,- дечү. Адамдын жүрөгүндө сүйүү болуп турса гана ал бийиктикке умтулат жана көп ачылыш жасай алат деп ойлойм. “Асанхан тиги ырчыга сүйүүсүн арнап жүрөт” деген сыяктуу сөздөрдүн чын-бышыгына жетким келбегени менен “Асанхан, бирөөнү сүйүп калсаң айт, мен тоскоол болбоюн” дегенимде ал: “Сени менен эч качан ажырашпайм”,- дечү. Баса, мен качан конокко кетпейин, “келип калчы батыраак, сен жок жетим козудай болуп калат экем” деп кайра-кайра телефон чалып, алдыртып алчу. Мен анын жанында болгонумда өзүн телегейи тегиз адам катары сезчү.
– Балдарыңыз эмне менен алектенишет жана канча небереңиз бар?
– Эрмек атасынын шоопуру болчу. Аны жумушка алып барып, кайра алып келчү. Азыр жайкы эс алууда. Анын бир уулу, бир кызы бар. Кичүү балам Эрик бажыканда иштейт. Эки кыздын атасы. Жалпысынан төрт неберем, эки чөбөрөм бар.
– Агай акыркы күндөрү ооруп жүрдү беле?
– Кыргыз телевидениесинин симфониялык оркестринин жалпы жамааты жайкы эс алууга чыккандыктан, “денсоолугуңду чыңдап алсаң боло” деп бейтапканага жаткыргам. Эмне болуп каза болгонун, балам, жазбай эле койчу?! Ошол күндү эстегим да келбейт. Ооруп каза болсо да эч нерсе дебейт элем. Бейтапкананын башкы дарыгеринин, анда иштегендердин ишине болгон салкын мамилеси Асанхандын арабыздан кетишине себеп болду. Анын өлүмүндөй өлүмдү Кыргызстан боюнча эмес, бүткүл дүйнө жүзү боюнча да уккан эмесмин. Ушундай бийиктикке жеткен улуу дирижёр мындай трагедия менен эмес, иш ордунда, пультта көз жумушу керек эле. Мындай өлүмдү адам баласынын бирине да каалабайм. Канчалык мөгдөп жоктобоюн, ал баарыбир кайтып келбеси анык. 29-сентябрда кыркылыгын берели деп камынып жатабыз.
Улуу дирижёр арабызда жок болсо да, анын жаркын элеси элдин эсинде түбөлүккө сакталат.

Даярдаган Сүйүн Кулматова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 304, 29-август - 4-сентябрь 2008-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан