«Фламенго» футболдук клубунун чабуулчусу Роналдиньонун расмий сайты бен Ладендин радикалдуу тарапташтары тарабынан «талкаланды». Басма сөз кызматтарынын билдирүүсүндө, бразилиялык чабуулчунун сайтына «чабуулду» моджахеддер жасаган. Хакерлер сайтта футболчу менен бен Ладендин сүрөтүнө кошо эмнегедир «Жылдыздар согушу» тасмасынын каармандарынын бирин кошо жайгаштырып коюшкан. Кызык, дүйнөдөгү №1-террорчу Роннинин күйөрманы беле же аны өлтүрмөк болгонбу? Учурда сайттын иш алпаруусу калыбына келтирилгени маалым болду.