Кечээ жакында Бразилия курама командасынын мурунку машыктыруучусу Вандерлей Лушембургу Роналдонун бир сырын ачты. Көрсө, дүйнөнүн үч жолку мыкты футболчусу (1996, 1997, 2002) 1999-жылы Американын Кубогунда памперс кийип ойногон экен. Ошол кезде эле анын ашыкча салмактуулук көйгөйү болуп, андан арылуу үчүн арыктатуучу каражаттарды кабыл алган. Ал каражат заара кубалоочу сапатка ээ болгондуктан, футболчунун абалы түшүнүктүү эмеспи. Ошон үчүн ал памперс кийүүгө мажбур болгон. Бул тууралуу Лушембургу: “Роналдо памперстин ыңгайсыз абал туудурганын айткан, бирок гол киргизүүчүлүгүнөн жазган эмес”, - деди. Кызыгы, ошол мелдеште Бразилия чемпион болуп, Роналдо 5 голу менен бомбардир аталган.