7-8-май күндөрү Бишкектеги «Стронг» спорттук клубунда кикбокс боюнча өлкө биринчилиги болуп өттү. Биринчилик өлкөнүн ар кайсы облустарынан келген 200дөн ашуун спортчуну жана Казакстандын 3 командасын кучагына алды. Мелдештин экинчи күнү финалдык беттештерге Жогорку Кеңештин спикери Ахматбек Келдибеков да күбө болду.
Мелдеш жыйынтыгында байгелүү орундарды кошкондо командалык эсепте «Гермес-профи» 1-орунду ээледи. Эми «гермесчилер» атаандашты эмес, топту тебүү боюнча мелдешке кам көрүшүүдө. Дегеним, алар 28-29-майда футбол боюнча «Супер-Инфонун» кубогу үчүн болгон мелдеште өз бактыларын сынашат.
БААРДЫК ЧЕМПИОНДОР