БИР ЖОЛУ БИРИНЧИ КЛАССТА...

Ассоль Молдокматова:
– Мен 1-класстан эле тыпылдап тың болчумун. Бир жолу менин эң сүйүктүү Альмира Ахматбековна деген эжейимди завуч өзүнө чакырып калды. Мен класском болгондуктан, классты тынчтандырып отурууну мага тапшырып чыгып кеткен. «Кудай мындайды бербестир» деп дароо эле указканы колго алып, балдарга Москва шаары жөнүндө айта баштадым. Анткени, буга чейин апам экөөбүз Москвага барганда анын айтып бергендерин толук жаттап калган элем. Ушунчалык берилүү менен эжейдин баскан-турганынан бери келиштире туурап, классташтарыма көргөн-билгендеримди айтып жатып эжейдин келип, карап турганын да байкабай калыптырмын. Эмнегедир эжей да мени жөн коюптур. Ошентип, бул менин 1-класстагы биринчи сабагым болгон.
Жанета БОБкова:
– Алгач мектеп босогосун аттаган күнү ар бирибиз­ди класстарга бөлүп, анан класс жетекчибиз менен тааныштырышкан. Өзүм орус мектепте окугандыктан, мени менен бир партага татар улутундагы баланы отургузуп койгон. Анан класс жетекчим “бир партада отургандан кийин бири-бириңерге жардам берип, чогуу ынтымакта жүргүлө!” десе, мен бул сөздү түзүнөн түшүнүп алып, сабак бүткөндөн кийин ал баланы колунан жетелеп алып үйгө сүйрөп баргам. Ага чай берип, эми ойнойлу деп жатсак, апам кирип, “Жанета, бул ким?”- деп сураса, мен: “Эжей «чогуу жүргүлө» деди. Мени менен чогуу отурат. Эми биздикинде жашайт!”- дептирмин. Апам ошондо көзүнөн жаш чыкканча күлүп, ал баланы үйүнө жеткирип келген.
Динара Эсенгулова:
– Август айында сентябр­ды аябай күтүп, окууга шашып жаткан элем. Анан бир күнү үйдө жалгыз отуруп көкүлүмдү кайчы менен кыркып салгам. Бул кылыгымды көргөн улуу эжем мени урушуп, кайра мен кыркып койгон чачымдын үстүнөн тегиздеп кыркып, артык кылам деп тыртык кылып салган. Күзгүдөн өзүмдү көрүп алып: “Мен мектепке барбайм. Окубайм. Мени ырайы суук кыз дешет”,- деп боздоп ыйлаганым эсимде. Ошентип, 1-класска томурайган чачым менен баргам.
Алексей Филатов:
– 1-класстын 3-чейрегинин башында болуш керек, сабактардан жакшы окусам да эмнегедир жалкоом кармап, математикадан таптакыр окугум келчү эмес. Бир күнү класс жетекчим: “Үй тапшырмаларыңды класста калып аткарып кетесиң!”- деп мени сабактан алып калды. Өзү болсо классты сыртынан кулпулап, бир жакка чыгып кеткен. Мен тапшырмамды бүтүрүп, сумкамдагы оюнчук машинелеримди алып чыгып, ойноп отура бериптирмин. Качан гана түн киргенде коркуп, эшикти түртсөм ачылбайт. Электр жарыгын күйгүзүп алып бакырып-өкүрүп ыйлап жатам. Эч ким келбейт. Мен кечиккендиктен, ата-энем көчөнүн баарынан издешип, чогуу ойногон досторумдан сураштырышып, милицияга чейин барышыптыр. А класс жетекчим болсо мени унутуп, үйүнө кетип калыптыр. Ошентип, 1-классымда бир ирет класстын партасында түнөгөм.
Борончу Кудайбергенов:
– Менин 1-класска киришим өзүнчө эле бир чоң маселе болгон. Жашым жетип, мектепке катуу даярдандым. Башка балдардай эле мектеп мага абдан кызык болуп жаткан. Анан 1-сентябрь келгенде сатып алган сумкамды көтөрсөм, боюмдун кичинекейлигинен жер чийип калса болобу! Арданганымдан чатак салып ыйлап, барбай койдум. Ошентип, бир жыл кеч окугам. Бирок, кийинки жылы деле кыйратып боюм өсүп кеткен жок. Анткени, менен кыздардын айласын кетирчүмүн, жамбаштарына кнопка коюп, чачтарынан жулуп. Бирок, эжей да менин кулагымды делдейте чоюп, бат эле тарбиялап койчу.
Чыңгыз Мырзаев:
– 1-класстан 3-класска чейин Чаткалда кыргыз мектептин орус классында окугам. Ошондо классыбызда беш кыз бар эле. Бешөө тең тартынбаган, тайманбаган кыздар болчу. Эмнегедир бешөө тең мага тийише беришчү. Чаткалда кыш суук, кар калың болот. Сабактан чыкканда эле баягы беш кыз мени карга “жуунтуш” үчүн күтүп турушчу. Үйүм мектептин жанында болсо да алардан коркуп, нан чыгарган чоң заводду айланып өтөөр элем. Бир жолу адаттагыдай эле мектептен келатсам баягы бешөө алдымдан чыгып калса боло. Бешөөлөп мени тыпыратып жыгып, кар чача башташты. Жооп кайтарганга алым жетпээрин билдим да, алардан корунуп башымды жаап, кантип кутулаардын айласын таппай жатып калдым. Ушул маалда атам бизди көрүп калыптыр. Ошентип, беш кыздын колунан атам куткарып калган. Атам ал кыздарды урушкан эмес. Ошондо атамдын урушпай койгонунанбы, кийин деле бешөөлөп мени далай жолу карга «жуунтушкан». Азыр ал кыздар үйбүлөлүү, созулган келиндер.
Бакыт Бешимов, ЖКнын депутаты:
– Мен мектепке окууну ушунчалык чыдамсыздык менен күткөм. Мына эртең 1-сентябрь деген түнү уктабай да чыккам. Эрте туруп алып ата-энемди да ойготпой, өзүм эле мектепке кетип калганым эсимде. Бирок, мен ага чейин жайлоодо тезек терип жүрүп келгендиктен, колдорум кесик, беттерим туурулуп кеткен эле. Анан мени балдар шылдыңдай беришкенинен, алар менен уруша кеткем. 1-класста эле өзүмө сөз тийгизбей коргой билген өжөрлүгүм бар эле. Бир жолу эжей сыртка чыгып кеткенде калемсабымды шыпка ыргытып ойноп жаткам. Эжей кирип келгенде коркуп кетип катуу ыргытып алганмынбы, айтор, калемсабым шыпка сайылып калса болобу! Мугалимибиз басып келип, “кана калемсабың?” десе, шыпты көрсөтүп компоюп отуруп алгам.
Назми:
– 1-класска бараардын алдында мектепке алдын-ала даярдоо классын аяктагам. Анан жайында Жетиөгүздө жашаган чоң энемдикине кичүү бөлөм менен эс алганы баргам. Тың, шок кыз болгонумдан, кошуна кыздар менен урушуп кеткем. Бир күнү корообуздун четиндеги бедени бирөөлөр оруп кетишиптир. Жаман оюмда “кошуна кыздар оруп кетишти” деп ойлоп, бөлөм экөөбүз алардын короосуна кирип, бедесине оонап жаткызып салганбыз. Ошол күнү кошунабыз чоң апама даттанып жатканын угуп, коркуп унчукпай отурабыз. Атам да ошол күнү келип калып, кошунанын короосундагы бедени биз жаткызып койгонубузду билип калды. Көрсө, ал күнү башыма кийип жүргөн кичинекей жоолугума беде жабышып калыптыр. Анан бөлөм экөөбүздү атам тилдеп: “Азыр түшүнүк кат жазасыңар, болбосо, милиция алып кетет силерди”,- деп урушуп калды. Мен коркконумдан тамгаларды ирети менен жазууга аракет кылсам да тарбалаңдатып жазганым эсимде. Ошол түшүнүк катты чоң апам сактап коюптур. Жакында эле айылга барганымда ошондогу катты көрсөтүшсө, мен ал окуяны эстеп бир жылмайып алдым.
Нурлан Мотуев:
– 1-класска Жумгал районундагы Таттыбүбү Турсунбаева атындагы орус мектебине киргем. Мен 1-класска кирээрде алгачкы мугалимим Галина Владимировна деген орус аял сабак берээрин билип алып: «Орус аялдан окубайм»,- деп өкүрүп-бакырып ыйлаганым эсимде. Ошентип, үч күн көгөрүп мектепке барбай жатып алгам. Үйдөгүлөрдүн алдап-соолаганына таптакыр көнгөн эмесмин. Акыры мени катуу урушушуп, коркута баштаганда араң баргам. Тиги эжейди тиктеп алып эле корко берчүмүн. Бирок, азыр орус мектепти бүтүргөнүмө кубанам. Ошондуктан, орус тилин жакшы билем.

Даярдагандар Бактыгүл Абдыкадырова, Бахияна Сатылганова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 304, 29-август - 4-сентябрь 2008-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан