2007-жылы баш кошушкан жылдыздуу түгөйлөр – Бейонс Ноулз жана Жей Зи эмгек өргүүсүн Парижде өткөрүп келишип, эми балалуу болууну ойлонушууда. Эки жылдыз бул планды ишке ашыруу алдында мамилелерин дагы бир ирет бекемдөө максатында кайрадан үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрмөкчү болушту. Бул сунушту Бейонс киргизсе, жолдошу чын дилден колдогон.