11-майда белгилүү телеалпаруучу Маша Малиновская көз жарып, ымыркайга Михаил деген ысым ыйгарды. “Уулумдун атын Мирон коём деп жүрчүмүн. Бирок ал томпоюп мамалакка окшош болгондуктан, Михаил коюуну чечтим”,- дейт телеалпаруучу. 3 килограмм 300 грамм салмакта жарыкка келген ымыркайдын атасы кавказ жигити. Бирок ал Машаны кош бойлуу кезинде эле “бала менден эмес” деп шекшип, таштап кеткен.