Бир бүркүм... 20-МАЙДА МАНАС КҮНҮ БЕЛГИЛЕНЕТ...

  • 20-майда өлкөбүздө Манас күнү белгиленет. Бул тууралуу манасчы Талантаалы Бакчиев билдирди.
  • 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө токтомго өкмөт кол койду.
  • Жумгал өрөөнүндө туулуп-өскөн кыргыз элинин улуу сөз чебери, кайталангыс талант Кудайберген Өмүрзак уулунун (Куйручук) 145 жылдыгы ушул жылдын июль айында Соң-Көл жайлоосунда белгиленмекчи.
  • 2011-жылдын 17-23-майына чейин нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде сел жүрүшү күтүлүүдө.
  • Кытайлык кыргыздар Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун жалпы калкынын 1 гана пайызын түзөт. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу облусунун губернаторунун орун басары Мырзабек Кеңеш билдирди.
  • Орусияда иштеп жүргөн эмгек мигранттарынын акча которуулары Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн 25 пайызга жакынын түзөт. Мындай эсептөөнү Бүткүл дүйнөлүк банктын демилгеси менен түзүлгөн миграция жана акча которуу боюнча эксперттердин эл аралык түйүнү жүргүздү.
  • Кыргызстан Индонезия бийлигинен баңгизаты менен кармалган Жибек Сакееваны мекенине өткөрүп берүүнү суранууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин консулдук департаментинин директору Айдит Эркин билдирди.
  • “Замандаш” саясий партиясынын VI кезексиз съездинде саясий партиянын жаңы тутуму, жобосу кабыл алынып, партия “Замандаш-Современник” деген жаңы аталышка ээ болду.
  • Мындан он кылым мурда өткөн ислам дининин аалымы Имам Сарахсийдин күмбөзү Өзгөн шаарында тургузуларын өлкөнүн муфтийи Чубак ажы Жалилов маалымдады.
  • ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан контрабандалык жол менен күйүүчү май ташыган топ аныкталып, Тажикстанга ташып бараткан жеринен жалпысынан 148,5 тонна дизель майын кармашты.
  • Былтыркы Апрель окуясында Ак үй алдынан ок жегендердин дагы экөө каза тапканын Жаштар иштери боюнча министр Алиясбек Алымкулов кабарлады.
  • 2010-жылы министрликтеги кызматкерлердин саны 15 миң 935 адамдан 11 миң 817 адамга кыскартылган.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 446, 20-26-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан