ТАСМАЛАРДЫН КӨРКҮН АЧКАН КЫРГЫЗ КАСКАДЁРЛОРУ

Кыргыз каскадёрлор мектеби
Кыргыз­дын эр жүрөк, шамдагай жигиттери кинодогу опурталдуу көрүнүштөрдү тартуу үчүн актёрдун ордуна ойноо өнөрүн 50-жылдары өздөштүрө башташкан. “Генийдин жаштыгы” аттуу өзбек фильминде 27 метрлик бийик аскадан Сырдарыяга аты менен кошо секирген Үсөн Кудайбергенов каскадёрлор студиясын түзө электе эле жигиттер менен өз алдынча машыгып келген. Анын Сырдарыяга секиргени эң бийик көрсөткүч болуп, учурунда «Гиннес рекорддор китебине» жазылган. Ошол күндөн ушул күнгө чейин андай бийиктикти эч ким багынта элек. Мындай ийгиликтен соң атактуу каскадёр 1987-жылы “Опурталдуу съёмкалар үчүн студия” түзгөн. Ага чейин эле кыргыздын шамдагай жигиттери чет мамлекеттик кинолорго тартылып келишкен. Атүгүл 1980-жылы Голливуд эксперттеринин аныктамасы менен дүйнө жүзүндөгү алдыңкы мыкты каскадёрлордун катарына киришкен. Кыргыз каскадёрлору “Чыңгыз хан”, “Согдиана”, Голливуддун жылдыздары катышкан “Көчмөндөр”, немистер тарткан “Жамийла”, казактардын “Абай жолу”, “Шамал киши”, “Жылуу шамал”, “Байыркы Булгар” жана башка тасмаларында опурталдуу эпизоддорду аткарышкан. Федерациянын учурдагы курамы чет элдик келишимдердин негизинде иштешип келишет. Өкүнүчтүүсү, алар өз мекенинде бааланбай, чет жердик тасмалардын атын чыгарып жүргөндөрүндө.
Мындан эки жума мурун каскадёрлор менен маектешкени барып эр жүрөк жигиттердин машыгуусуна туш болуп калдык. Топтун жигиттери ат үстүндө ар түрдүү трюктарды көргөзүп жатышты. Бул арада биз федерациянын президенти Ракатбек Бердикеев менен маектеш­тик.
– Каскадёр болуу оюмда жок болчу. Жумгалда кол эмгек сабагынан мугалим болуп иштеп жатканымда 1990-жылы айылга каскадёр Эсен Жээренчиев келип калды. Мен анын көзүнчө машинадан секирип койгом. Анда Эсен: “Сен даяр каскадёр турбайсыңбы”,- деп өзүнүн группасына кошулууну сунуштады. Ошондон бери каскадёр болуп калдым. Ал кездеги каскадёрлордун жетекчиси Үсөн байкени 2005-жылы өз үйүндө атып кетишти. Анын ордуна Эсен жетекчилик кылды. Ошол эле жылдын ноябрында Эсен дагы белгисиз адамдар тарабынан атылып кетти. Балдар “жетекчи өзүбүздүн эле арабыздан болууга тийиш” деп мени көргөзүшүп, 2007-жылы федерация түздүк.
– Федерациянын курамында азыр канча адам, канча ат бар?
– Федерациянын негизги курамын отуз адам түзөт. Андан башка жардамчы отуздай жигит, жыйырма чакты аксакалдарыбыз бар. Силер көрүп турган курамдан сырткары дагы сегиз жигит жана бир кызыбыз азыр Астанада “Бир жаңсыл” деген казактын тарыхый киносуна тартылып жатышат. Учурда болсо федерациянын он чакты аты бар.
– Каскадёрлорду кандай жол менен кабыл аласыңар?
– Келгендерге эч качан «кет» деп айтпайбыз. Жаңы келгендер каскадёрлор жасаган трюктарды көргөндө эле калууну же башка кесипти аркалоону чечишет.
– Алдыда кандай план­да­ры­ңыз бар?
– Алдыда каскадёрлор мектебин ачсам, андан сырткары, машыгуучу стадиондуу болсок деп чуркап жүрөм. Бул боюнча президентке кат менен кайрылгам. Ал кол коюп бергени менен мэрия тараптан чечилбей жатат. Мектепти ачып алсак, өзүбүздү-өзүбүз каржылайбыз го деген ойдомун.
– Алган айлыктарыңар жана гонорарыңар тууралуу айтып кетсеңиз...
– Негизи, биздин курам каскадёр катары айлык алышпайт. Кинолорго тартылуу үчүн федерациянын атынан келишимге кол коюлгандан кийин айлык, күнүмдүк акы, анан аткарган трюктарга жараша гонорар төлөнөт. Биз эң чоң гонорарды союз мезгилинде тартылган “Чыңгызхан” фильминде алганбыз. Жумасына ар бирибиз 50000 рубль алган элек. Ал кезде бул чоң акча болчу.
Искендер Айыпов, 30 жашта:
– Мен Үсөн байкенин инилеринен болом. 8-классты аяктагандан кийин байкемдин таасири менен каскадёрлукка берилип кеткем. Кичинекейимден эле атка жакынмын. Жумушумдун опурталдуу экенине карабай жакшы көрөм. Бир жолу жарнамага тартылып жатып ийинимди чыгарып алып, бир жарым ай төшөктө жаткам.
– Кайсы кинолорго тартылгансыз?
– “Мергенчи”, “Темирлан”, “Көчмөндөр”, “Абай жолу” кинолоруна тартылгам. Казакстанда тартылган “Мергенчи” фильминде башкы ролдогу жигиттин ордуна ат менен карышкыр кубалап баратып эки жолу аласалууга туура келген.

Нурлан Какелов, 39 жашта:
– 1991-жылдан бери каскадёрмун. Бул кесиптен канча жаракат албайын, жанымдан артык көрөм. Мисалы, Алматыда тартылган “Корейлер” киносунда катарынан коюлган жети жардыруунун ортосунда калгам. Байкасаңыз керек, ошондон улам бир кулагым чала угуп калган.
– Мындай жаракат алгандан кийин үйбү­лөңүз «бул кесипти ташта» дешти да...
– Албетте. Бирок, ага мен макул эмесмин. Беш жаштагы балам Элдарды дагы келечекте каскадёр кылып чыгарсамбы деп жатам.
– Азыр эле шымыңыздын тизесин күйгүзүп алдыңыз, кийим да түтпөсө керек...
– Муну кечээ эле Рахат байке белек кылган. Эртең кайра жаңысын сатып берет деп ойлоп жатам. Кийим түтпөсү анык. Бирин ат үстүндө өрттөнүп баратып күйгүзүп алсам, экинчисин жерге сүрүлүп жыгылганда айрып алам дегендей...

Максатбек Орозов, 25 жашта:
– Каскадёр болуш үчүн адамда кандай жөндөм болуш керек?
– Биринчиден, каалоо, анан эч нерседен коркпогон эр жүрөктүк керек. Трюк жасап жатканда корксоң же бир нерсеге алагды болсоң, жаракат алып калышың мүмкүн.
– Каскадёрлуктан сырткары эмне менен алектенесиң?
– Атайын чакыруулар болгондо келишимдин негизинде иштейм, андан башка убакытта соода менен алектенем.

Улан Жумакматов, 22 жашта:
– Федерацияга келе электе айылда улак тартчумун. 2006-жылы корейлердин “Төрт падыша жөнүндө уламыш” киносуна массовкага тартылып калгам. Ошондо Каскадёрлор федерациясына жигиттер керек экенин угуп калып келгем.
– Каскадёр болушуңа ата-энең каршы болгон жокпу?
– Каршы болушту. Бирок, мага мындан башка жумуш жакпайт. Эл-жер көрүп, белгилүү актёрлор менен иштешип жатканыма ыраазымын.

Жоомарт Бейшенбиев, 35 жашта:
– 8-классты бүтүп эле каскадёр болгом. Ошондон бери “Султан Бейбарс”, “Кара ханзаада Аджуба”, “ Отраранын өлүмү”, “Токтогул” кинолоруна катышып, актёрлор жасай албаган опурталдуу эпизоддорду ойноп келатам.
– Кайсы кинодо денсоолукка коркунуч келе турган көп эпизодго катыш­тыңыз?
– “Көчмөндөр” фильминдеги кылыч менен чабышып, аттан кулап, опурталдуу эпизоддордун баарын жараткан жалаң биздин балдар болчу. Ошол жерден, чынында, денсоолукка жараат алып калышыбыз мүмкүн эле. Бирок, биздин жигиттер ишин мыкты билишкендиктен, андайга жол беришкен жок.

Даярдагандар Сүйун Кулматова,
Канат Токтомамбетов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 304, 29-август - 4-сентябрь 2008-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан