Ажылык маселеси ажонун өзүнө жетти. Роза Отунбаева быйылкы жылдын 18-мартында парламент тарабынан “КРдагы дин эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” деген мыйзага киргизилген толуктоолорго кол койгон жок. Буга байланыштуу муфтий Чубак ажы Жалилов: “Эгерде мамлекет башчы кол койгонду кечиктире берсе, ажылык сапарында былтыркы жылдагыдай тополоң болуп кетиши мүмкүн”,- деди. Өкмөттүн эмне үчүн тык эте токтогону белгилүү. Анткени Жогорку Кеңеш ажылык сапарын уюштурууну Мусулмандардын диний башкармалыгына өткөрүп бергени менен, ал мамлекеттик эмес орган. Мындан улам Кыргызстандын атынан эч кандай келишимдерге кол коё албайт.
Бул жердеги тымызын күрөштүн көпчүлүгү ажылык сапарын уюштуруу үчүн бюджеттин көлөмү 10 миллион доллар болгондугу себеп болушу ыктымал. Быйылкы жылы Кыргызстандан Меккеде мусулмандык парзды аткаруу үчүн 4500 зыяратчыга визага уруксат берилди.