ГУБЕРНАТОР – БИЙ, МЭР БЕК БОЛОТ ДЕШЕТ...

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жергиликтүү бийлик органдары жөнүндө мыйзам долбоору каралып жатканда, губернатордун кызматын жоюп, анын ордуна бий дайындоо керектигин айтты. “Алар облустук администрацияда өкмөт башчынын өкүлү кызматын аткарып калышат”,- деди депутат. Мындай жаңылыкты жакшы түшүнө албаган депутат Ирина Карамушкина “бий” сөзү көбүрөөк “бай” же “хан” деген сөздөргө окшошуп кетерин билдирди.
Андыктан “бий” деген сөздүн түшүндүрмөсүн аныктоо үчүн Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башкы адиси Мундузбек Абдыжапар уулуна кайрылдык. “Буга чейин Терминологиялык комиссия уюму мэрди бек деп атоону сунуштаган. Бирок ал убагында колдоо тапкан эмес. Ал эми бий дегенге токтолсок, эл ичинде “өрдөк жокто, чулдук – бий” деген макал бар. Сөздүктөгү маалыматка таянсак, бий – казы, сот, андан сырткары тойдун башкаруучусу катары айтылат. Негизи, губернаторду дубандын же облустун акими десе көбүрөөк дал келмек”,- деди адис.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
chinovnik
2011-05-26 16:25:35
азыркы убакта мындай маселени кароого убакыт жок, андан коро чукул кырдаалда турган мамлекетибиздин онугушу учун сунуштарды киргизип жана аларды аткаруу зарыл
0
Protokol
2011-05-27 15:03:33
Текебаев ЭРКЕК!!!!
0
№ 446, 20-26-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан