Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүнө караганда, агай-эжейлердин капчыгы бул айда кампайбай калган өңдөнөт. Буга чейин Алмазбек мырза “май айынан тарта өкмөттүн кантип иштеп жатканын көрөсүңөр” деп демиткен эле. Анын сөзүн уккан айрым экономисттер “бюджет ансыз да тартыш болсо, акчаны кайдан алат экен?” деген жоопсуз суроолорду жаадырышкан.
Бирок өкмөт башчы ишеничтүү түрдө: “Биз акчаны таптык го. Силер ошол каражатты төлөп берүүнү аткара албай жатасыңар. Эгерде мугалимдер менен врачтарга айлык акысы жаңы система боюнча айтылган убагында берилбесе, анда тиешелүү министрлер кызматынан кетет”,- деп коркутту.