“Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев “Президент, ЖКнын төрагасы жана өкмөт башчынын жакын туугандары үчүн чектөөлөр” деген мыйзам долбоорун сунуштап, талкууга салды. Ага ылайык, эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса, жогоруда үч аткаминердин жакын туугандары министр, губернатор, депутат сыяктуу саясий-мамлекеттик кызматтарга келүүгө укуксуз.
Бул жерде депутат Акаевдердин үй-бүлөсүнөн чыккан Айдар жана Берметтин депутаттыкка барып, Кыргызстанда кандай окуялар болуп кеткенин эске салды. Ошондой эле акцияларынын пакетинде мамлекеттик үлүшү бар коомдорду башкарууга да жол берилбейт. Бул пункт Максим Бакиевдин иштеринен улам келип чыкканы анык. “Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” демекчи, Камчыбек мырза бийликтеги негизги үч адамдын үй-бүлөсүн теске салуунун ушундай жолун сунуштоодо.
Айтмакчы, «жакын туугандар» деген тизмеге аткаминердин ата-энеси, жубайы, бала-чакасы, бир туугандары кирет. Талкууда “күйөө бала, жезде дегендерчи?” деп кызыккан депутаттар да болду. Анткени кыргыздын күйөө балдардан да оозу күйгөн жайы бар эмеспи.